Токио-2020 оюндарында аткара албай калган бардык максатыбызды кийинки олимпиадалык циклде орундатып, чемпиондорду чыгарууга дагы аракет көрөбүз. Мындай пикирин Улукбек Карачолоков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Карачолоков: Париж Олимпиадасына даярдыктар башталды
Карачолоков: Париж Олимпиадасына даярдыктар башталды
Анын айтымында, төрт жыл бою жасалган эмгек текке кетип калбаш үчүн бардык күчтү жумшап, кемчиликтерди жоюуга аракет кылуу керек.
"Ар бир машыктыруучу спортчунун ийгилик жаратуусу үчүн далбастап аракет кылып, алар менен кошо чогуу кыялданып, бирге максаттарды коюп, чоң эмгек жасайт. Медаль утуу үчүн балбандарга болгон тажрыйбаны салып, күнү-түнү машыгып келдик. Анткени журттун алдында биз чоң жоопкерчилик алганбыз. Кээде үмүт акталбай калат. Бирок бул кудайдын жазганы экен. Кээде спортчу баарын туура аткарып, мелдеш учурунда психологиялык жактан бир нерсе жетишпей, күрөш ыкмасын жасай албай калат. "Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарсак, дагы төрт жыл күтүп калабыз" деп спортчуларга улам айтып жаттык. Бирок килемге балбандар чыгат, калганы алардын колунда болот экен. Медаль утууга баарында артыкчылык бар болчу. Эми кийинки Париж Олимпиадасына даярдана баштадык. Бул жолу кетирген каталарды жоюп, жетпей калган медалдарга кийинкисинде жетебиз деп аракет кылабыз", — деди Карачолоков.
Ошондой эле машыктыруучу күрөш боюнча кыргызстандык балбандардын потенциалы дүйнөлүк аренада абдан чоң экенин кошумчалады.