БИШКЕК, 16-авг.— Sputnik. Бишкекте жана шаардын четинде коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 654 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалымат бүгүн, 16-август, саат 14:00гө карата берилди:
- Улуттук хирургия борбору — 4;
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 72;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 55;
- Улуттук кардиология борбору — 27;
- Чүй облустук бириктирилген оорукана — 47;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 65;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 30;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 87;
- Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 93;
- Аскердик госпиталь — 51;
- Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор — 29;
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 44.
Акыркы билдирме боюнча, бир сутка ичинде өлкөдө 237 кишиден коронавирус табылып, беш бейтап каза болгон.