6 күн калды. Өкмөт Паралимпиадага бараткан делегацияга форма алып бербей жатат

© AFP / PHILIP FONGАткаминер Паралимпиадалык логотиби менен. Архив
Аткаминер Паралимпиадалык логотиби менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Жазылуу
Бул ишке жооптуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция аларга тиешеси жок органга кат жөнөтүп, каражат күтүп отура берген.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына катыша турган делегацияга мамлекет тарабынан форма берилбей жатат. Бул тууралуу Улуттук паралимпиада комитетинин жетекчиси Бакыт Исаков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, спортчуларга, машыктыруучуларына бир гана параддык форма берилип, мелдешке чыкканда, машыгууга, күнүмдүк шартта жана жамгырда кийгенге ылайыктуу кийим берилген эмес.

"Бизге берген комплектисинде кепка, футболка, спорттук күрмө, шым, бут кийим бар. "Лицензия алуу турнирине баратканда бир форма бергенбиз ошону кошуп кете бергиле" деп жатышат. Мындай болбойт да. Спортчу чуркайт, тердейт аны алмаштырыш керек. Негизи беш-алты комплект форма болушу шарт. Делегацияда болгону алты эле киши, бирок бешөөнө параддык форма берип, мага бербей коюшкан. Анан дзюдочу кызга чоң келип калган экен жаш баланы алдагандай ал форманы мага берип коюшту. Айла жок кыскартып өзүмө ылайыктап алдым", — деди Исаков.

Ооруга карабай Паралимпиадага жолдомо уткан Арстанбектин тагдыры. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Ооруга карабай Паралимпиадага жолдомо уткан Арстанбектин тагдыры. Видео
Токиого Ядро ыргытуу спортунан Арстанбек Базаркулов жана дзюдодон Хайитхон Хусан кызы, эки машыктыруучу, COVID-офицер жана Улуттук паралимпиада комитетинин жетекчиси барат. Бирок Исаковго квота берилген эмес.

"Кантип барсаң өзүң бил деп жатышат. Анан карызга акча чогултуп, 170 миң сомго билет алдым. Келгенде эптеп төлөйм аны", — деди Исаков.

Бул ишке жооптуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Асейин Төрөгелдиев мунун себебин каражат бөлүнбөй калганы менен түшүндүрдү.

"Демөөрчүлөр аркылуу параддык формасын алып бербедикпи. Андан мурун да алып бергенбиз. Биз колдон келгенин, мамлекеттин ал-акыбалын карайбыз да. Паралимпиадачылардын өзүнчө комитети бар, көрсө ошол жактан каржыланмак экен. Биз Улуттук олимпиада комитети берет деп кийимдердин өлчөмүн жөнөтүп аягына чейин күттүк. Алар Олимпиаданын астында бизге "каражат Паралимпиада комитетинен берилет" деп жооп берди", — деди Төрөгелдиев.

Ал эми кабарчы маселе ушул кезге чейин эмнеге көңүл сыртында калды деп сураганда ал жакында эле, үч ай мурун кызматка келгени менен байланыштырды.

Улукбек Марипов принял команду Олимпийской сборной КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
КР командасы Олимпиаданын ачылышына кандай кийим менен чыгат. Сүрөт
"Дүйшөмбү күнү паралимпиадачылар менен министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кабыл алуусунда болобуз. Анда да айтам. Спорт агенттигинин директору Канат Кеңешович менен да кеңешип, сунуштарымды айтам. Спортчулар менен машыктыруучуларынын формасын чечип беребиз. Каражат табылса форма бат эле чыгат", — деди директор.

Ал эми Улуттук паралимпиада комитетинин жетекчисине квота берилбей калганы өкмөт тарабынан бекитилген токтомдун негизинде болгонун айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0