Алардан арылыш керек! Абактагы мурдагы президент Атамбаев Садыр Жапаровго кеңеш берди

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Атамбаев Кой-Таш окуясынын эки жылдыгына карата коомчулукка кайрылуу жасап, аны азыркы президент Садыр Жапаровго да жолдогон.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Эгерде Садыр Жапаров кылмыш иштерин буйрутма менен чүргөй койгон тергөөчү, прокурорлордон арылбаса азыркы абалдан кутула албайт, аны менен катар Кыргызстанды саздан сууруп да чыга албайт. Мындай пикирин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин азыркы башчысына жолдоду.

Атамбаев Кой-Таш окуясынын эки жылдыгына карата коомчулукка кайрылуу жасап, аны азыркы президент Садыр Жапаровго да жолдогон.

Атамбаев Жапаровго бир катар тергөөчү жана прокурорлордон тазаланышы керектигине кеңеш берип, жакында жазган посту Кыргызстандын ичиндеги саясий куугунтукка алынгандарга багытталат деген ишенимин билдирген.

Митинг сторонников Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
ИИМ Атамбаев октябрдагы башаламандыкты уюштурган деп шектелип жатканын тастыктады
"Президент Садыр Жапаров жакында өтө маанилүү пост жазды. "Мен убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргызды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек" деди. Бул сөз башка өлкөлөрдүн жарандыгын алып, ал жакта жашап жүргөн качкын президенттерге эле эмес, Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде саясий оппоненттерге да арналат деп ишенем.

Садыр Жапаров өтө таамай жана так жазыптыр. Өч алуу жана куугунтуктоо - туңгуюкка кеткен жол. Бирок президент кылмыш иштерин буйрутма менен чүргөй койгон тергөөчү жана прокурорлордон тазаланбаса, бул жөн гана курулай сөз болуп кала берет.

Алар жетекчиликке жагыш үчүн куугунтуктап жана буйрутма гана иштерди жасаганга маш болуп бүтүшкөн. Алар Сооронбай Жээнбековду, аны менен кошо бүтүндөй өлкөнү сазга батырышты. Эгерде Садыр Жапаров алардан арылбаса, термелип турган азыркы абалдан кутула албайт, аны менен катар Кыргызстанды саздан сууруп да чыга албайт", - дейт кайрылуусунда.

2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алды. Натыйжада Атамбаев жана анын бир нече үзөңгүлөшү кармалган.
Алмазбек Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0