Мээрим Жуманазарованын атасы Рахмадил: кызымдын мүмкүнчүлүгү мындан да чоң болчу

© Фото / Кыялбек БайболотовМээрим Жуманазарованын апасы жана атасы
Мээрим Жуманазарованын апасы жана атасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
22 жаштагы балбан кыз Мээрим Жуманазарова Токиодо өткөн Олимпиадада Кыргызстангаколо байге тартуулады. Спортчу кыздын атасы Рахмадил Жуманазаров жеңиштен кийинки сүйүнүчү менен Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берди.

Атасы намыска жараган кызы Мээримдин балалык кездеги мүнөзү, спорттогу биринчи кадамы жана Токиодогу ийгилик жылмайган ирмемдерде өзүнүн жашып кеткени тууралуу айтып берди. 

— Куттуктайм! Бул кыргыз үчүн абдан чоң кубаныч тартуулаган жеңиш болду. Ата-энесинин сүйүнүчүнө да чек жок болуп жатса керек?

— Рахмат! Абдан кубанып турабыз. Туугандардын баары, айылдагылар да үйгө келген. Баарыбыз куттукташып жатабыз! Кызым атаандашын жеңгенде көзүмдөн кубанычтын жашы чыгып кетти.

© Фото / Кыялбек БайболотовМээрим Жуманазарованын атасы намыска жараган кызы Мээримдин балалык кездеги мүнөзү, спорттогу биринчи кадамы жана Токиодогу ийгилик жылмайган ирмемдерде өзүнүн жашып кеткени тууралуу айтып берди
Мээрим Жуманазарованын атасы Рахмадил: кызымдын мүмкүнчүлүгү мындан да чоң болчу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Мээрим Жуманазарованын атасы намыска жараган кызы Мээримдин балалык кездеги мүнөзү, спорттогу биринчи кадамы жана Токиодогу ийгилик жылмайган ирмемдерде өзүнүн жашып кеткени тууралуу айтып берди

— Олимпиададагы алгачкы беттештери тууралуу эмне айтат элеңиз?

— Мээримдин мындан да чоң ийгиликтерди багынтууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Анда бир аз эле айырма менен утулуп калды. Калыстар да кичине калпыстык кетирип койду. Мээримге эскертүү берип, атаандашына берген жок. Нигериялык балбан кызга да эскертүү бергенде Мээрим утуп кетмек.

— Сиз Мээримдин атасы эле эмес, алгачкы машыктыруучусу да экенсиз. Канча жашынан бери машыктыра баштадыңыз эле?

— Мен 2012-жылдан бери кыздарды машыктырып эмгектенип келем. Ал кезде Мээрим 6-класста окучу. Ошондон бери машыгат. Мээрим менен Айпери (Айпери Медет кызы – ред.) экөө Талас облусунун Кара-Буура районундагы Биринчи май айылында бир мектепте, бир класста окуган. Эч кандай атайын спорт мектепке барган жок. Айылда машыгып жүрүп эле эки жылдан кийин, 2014-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль уткан. Айпери машыгууну бир аз кечирээк баштап калды. Бирок мыкты ийгиликтерди жаратып жатат. Экөө тең менин окуучум болчу.

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Кыялбек БайболотовЖуманазаров: Мээримдин мындан да чоң ийгиликтерди багынтууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Анда бир аз эле айырма менен утулуп калды
Мээрим Жуманазарованын атасы Рахмадил: кызымдын мүмкүнчүлүгү мындан да чоң болчу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жуманазаров: Мээримдин мындан да чоң ийгиликтерди багынтууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Анда бир аз эле айырма менен утулуп калды

— Мээримдин алгачкы беттешиндеги жеңишин күйөрмандар кубаттап, "9 секунд калганда болгариялыктан жеңишти жулуп алды, аскерлердикиндей мүнөз бар" деп жатышты. Балбан кыздын мүнөзү кандай?

— Мээрим өзү абдан токтоо кыз. Бирок кичинесинде тентек болчу. Негизи бала кезинде шок болбогон кыздар күрөштү алып кете алышпайт. Муну өз тажрыйбамда көп байкайм. Буга чейин Олимпиадага менин окуучуларымдан Максат Бабырбеков барган. Андан кийин эки кызым барып отурат. Бирок Айпери менен Мээрим болбогон жерден эле жаза тайып алышты. Мен да Олимпиадага барам деп жатып, жакындаганда уюштуруучулар тарабынан баш тартуу болуп калды. Кызымдын жанында болуп колдогум келген.

© Фото / Кыялбек БайболотовМээримдин апасы Айнура Чолпонкулова
Мээрим Жуманазарованын атасы Рахмадил: кызымдын мүмкүнчүлүгү мындан да чоң болчу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Мээримдин апасы Айнура Чолпонкулова

— Мээрим канча бир тууган, башка балдарыңыз да спорт менен машыгабы?

— Мээрим 13 бир туугандын ортончусу. Мындан башка дагы эки кызым күрөшкө барат. Бирөө Кыргызстандын курама командасында, Азиянын байгесин алган. Экинчи кызым 6-класста окуйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0