Мамлекеттик катчы "Манастын уулу Семетей" тасмасы тууралуу үн катты

© Фото / Жолдош Жанжигит"Манастын уулу Семетей" тасмасы тартуу учурунда
Манастын уулу Семетей тасмасы тартуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Мамлекеттик катчы тасманын сценарийинде саясий ката кетип калганын айтып, бул боюнча кинокартинанын жаратуучулары менен талаш-тартыш болгонун белгилеген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев учурда тартылып жаткан "Манастын уулу Семетей" тасмасы жөнүндө Facebook баракчасы аркылуу үн катты.

Анын айтымында, тасма жаратуучуларынын фильмди тартып баштаар алдында президент Садыр Жапаровго барганы чын.

"Президент Садыр Нургожоевич Жапаров тасманы колдоп каржылап жатат" деген сөздүн канчалык чындыгы бар? Мен мамлекет башчы менен бул маселе боюнча тактап, сүйлөштүм. Тасманы тартам дегендер президентке кирип "Манастын уулу Семетей" деген тарыхый мыкты кино жаратканы жатышканын айтып, "тартуу иштерине Казакстан, Россия көмөктөшөт. Баары сүйлөшүлгөн" десе, мамлекет башчы "андай мыкты фильм тарта турган болсоңор мен каршы эмесмин. Тартсаңар тарткыла. Бирок начар тартылып, кийин жакпай калса чыгартпай коебуз" деген. Алар менен кошо кирген адам "мен тасманы жаратууга каржы жагынан жардам берейин" десе президент "мейлиңиз, мүмкүнчүлүгүңүз болсо колдосоңуз колдоңуз" деп жооп берген. Болгону ушул гана сөз. Тасма тарткандар бардык жерде жарнамалап жүргөндөй, өлкө башчы катуу колдоп, каржылап жаткан жок. Президентке ким болбосун "жакшы иш жасаганы жатам" десе, "мейли, жасаңыз, жок дебейбиз" дегендей эле кеп", — деп жазган Абыкеев.

Мамлекеттик катчы тасманын сценарийинде саясий ката кетип калганын айтып, бул боюнча кинокартинанын жаратуучулары менен талаш-тартыш болгонун да белгилеген.

Манастын уулу Семетей тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Радио
Төлөбеков: "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар болот
"Сценарийдин башында эле калмак, кангайлар кыргыздарга бийлик жүргүзүп, Көбөштү хан шайлап кыргыздардан салык алып турушкан. Этегине чейин ушундай. Негизи сценарий чийки. Семетейдин эли-жерин табышына өтө чоң роль ойногон Каныкейдин Тайторуну чапканы жок", — деген ал.

Мындан сырткары, Абыкеев аталган фильмди тартууга мамлекет каржы бөлбөгөнүн айтып, жеке менчик тарап тартып жаткандыктан ишти токтотууга мыйзам жол бербей турганын кошумчалаган. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланып келгенде "Улуттук баалуулуктарды коргоо жөнүндө" мыйзам кабыл алуу керектигин сунуштаган.

Эске салсак, Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Фильмдин продюсеринин айтымында, кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0