00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Эхо дня
14:53
7 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Эхо дня
20:52
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Чтобы появились чемпионы, нужны клубы и конкуренция — президент Федерации конного спорта о том, чего не хватает
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү тартиби азыркыдан да катаалдашы мүмкүнбү?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
11 лет в ЕАЭС — эксперт об итогах интеграции, добавленной стоимости и нишах для Кыргызстана
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жоламан жана Айпери Токиодо алгач казак балбандары менен беттешет. Чоо-жайы

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanБорец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков
Борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Кыргыз балбандары алгачкы күчүн коңшу Казакстандан барган спортчулар менен сынай турган болду. Айперинин каршылашы 2016-жылкы Олимпиададан коло медаль уткан.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Олимпиада оюндарында күрөш боюнча эртең килемге чыга турган кыргыз балбандарынын алгачкы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Бүгүн балбандар чүчү кулак кармашкан. Алар эртең, 1-августта, саат 08:00дө килемге чыгат.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак категориясы боюнча катышып жаткан Жоламан Шаршенбеков казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кармашат.

Штангист. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Бүгүн темир билек балбан Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада таймашка чыгат
Айнагулов 27 жашта, Олимпиадага алгачкы ирет катышууда. Буга чейин дүйнө чемпионаттарында күмүш (2017) жана коло (2019) медаль тагынган. Азия чемпионаттарынан дагы экинчи, үчүнчү орундарга жетишкен.

Жоламан Шаршенбеков 22 жашта, апрель айында Алматыда (Казакстан) өткөн лицензиялык Азия мелдешинде чемпион болуп, Олимпиадага жолдомо уткан. Дүйнө кубогунун алтын медалынын ээси. Жаштар жана чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш медалын уткан.

76 килограмм салмак категориясы боюнча Айпери Медет кызы да Казакстандан барган Элмира Сыздыкова менен күрөшөт. Анын атаандашы 29 жашта, 2016-жылы Рио-де Жанейро Олимпиадасынан коло медаль уткан. Азия чемпионатында башкы орунду камсыздаган.  

Айпери Медет кызы 22 жашта, Жаштар арасындагы дүйнө чемпиону жана эки коло байгенин ээси. 2020-жылы Азия чемпиондугун багындырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0