Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
1-августта республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда  аба ырайы улам өзгөрүп турат. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. 1-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30...+35, Таласта +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +31...+36, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +24...+29 градус болот.

Борбор калаада күндүн көзү бузулбайт, термометр  +33...+35, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0