00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Народ видит то, чего не видит закон - юрист о смысле суда присяжных и почему его нет в КР
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тайсон боксташып жүрөт. Депутаттар 43 жашында пенсияга чыккан офицерлерди сындады

Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Коргоо министрлиги депутаттардын демилгесине каршы пикирин билдирип, мыйзам кабыл алынса жаш офицерлер өспөй каларын айтууда.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамын өзгөртүүнү сунуштады.

Ага ылайык, аскер кызматында иштегендердин пенсияга чыгуу курагын 43төн 45 жашка чейин узартуу демилгеленди.

Бирок буга Коргоо министрлиги каршы пикирин билдирүүдө. Министрдин орун басары Нурлан Кирешеев бул мыйзам кабыл алынса жаш офицерлер өспөй каларын айтты.

"Бул мыйзамды кабыл алуу эрте деп эсептейбиз. Куралдуу күчтөрдө 2003 офицер кызмат кылат, анын 1767си подполковникке чейинки жаш офицерлер. Аскер кызматкери подполковник наамын орточо 36-37 жашында алат. Анан бул мыйзамды кабыл алганда жашы улгайган офицерлер кызматты ээлеп көпкө отуруп калат деген кооптуулук бар. Жаш өсүп келе жаткандардын перспективасы азаят. Аскер кызматы күнүмдүк стресске байланышкан, күнү-түнү жумушта болушат. Анализ боюнча 45-50 жаштагы офицерлердин 70 пайызынын өнөкөт оорулары бар", — деди Кирешеев.

Ал эми эл өкүлү Кожобек Рыспаев, тескерисинче, 43төн 50гө чейин күчкө толуп турган курак экенин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Акимдер чуусу. Депутаттар Жапаров сунуштаган 4 мыйзамды колдоого макул болду
"Силердин жумушуңар аябай "нервный" деп атасыңарбы? Мен деле Афган согушуна катышып келгем, “нервный” болбой жакшынакай эле иштеп жатам. 43төн 50гө чейин күчкө толуп турган курак. 10 жылдык согушта нерв коротуп келген бизбиз", — деди Рыспаев.

Анын пикирин кесиптеши Шайлообек Атазов дагы кубаттады.

"Офицерлер 43 жашында жүгүрө албай калат дейсиздер, 45 жашында Майк Тайсон, Рой Жонстор 12 раунд боксташып жатпайбы. Борбордук аппаратта курсагыңарды салаңдатып кабинетте отурсаңар, 43 жашыңарда жүгүрө албай каласыңар да анан", — деди Атазов.

Нурбек Сыдыгалиев милиция кызматкерлери 55 жашынан пенсияга чыгарын, ал эми аскер кызматындагылар 45 жашка нааразы болуп жатканын чекилик деп сыпаттады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0