Фейктер боюнча Асылбаеванын мыйзамы кайра добушка коюлуп, депутаттар колдоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорк Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорк Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Мындан бир ай мурда мыйзам долбооруна 59 депутат макул, 38и каршы добуш берип, колдоо таппай калган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бир ай мурда өтпөй калган "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлуп, колдоо тапты.

Демилгечи депутаттар Айнура Осмонова менен Гүлшат Асылбаева кайра добушка коюуну сунуштаган. Ошол учурда депутат Аккулу Бердиев мурда жаңылып добуш берип алганын айтып, ал да кайра добушка коюуну суранды.

Бирок Дастан Бекешев муну менен регламент бузулуп жатканын айтып чыкты.

"Мен түшүнүп жатам, президент бул мыйзамды өткөрүү керектигин айтты. Бирок мен түшүнбөй жатам, силер жөнөкөй киши эмессиңер да. Депутат кандай добуш берип жатканын билиш керек. Президент айтса эле позицияңарды өзгөртө бересиңерби? Регламент боюнча алты айдан кийин жаңы парламент келгенде карай берсин", — деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкул Токтомамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
"Кыз-Бурак" болуп кетет. Депутат ЖКда аялдардын квотасын азайтууну сунуштады
Бирок анын сунушу колдоо тапкан жок. Натыйжада добушка коюлуп, 97 депутат макул, бешөө каршы болду.

Белгилей кетсек, 30-июндагы жыйында аталган мыйзам долбооруна добуш берилип, алгач 64 депутат макул, 32 эл өкүлү каршы болгон. Бирок депутат Акулу Бердиев добуш берүүгө жетишпей калгандыктан экинчи ирет добушка коюлган. Анын жыйынтыгында 59у макул, 38и каршы болгон. Мыйзам өтүшү үчүн кеминде 61 добуш талап кылынган.

Чуулуу мыйзамдын тарыхы

"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган.

Бул маселе коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан.

Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Мен сизге окшобойм! Шайлдабекова депутаттарга тиш кайрап спикерден эскертүү алды
Ошондой эле бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталган.

Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0