https://sputnik.kg/20210726/kylmyshtuu-top-zhasalma-dollar-satuu-1053337021.html
“Казынасын” толтуруу үчүн жасалма доллар саткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт
“Казынасын” толтуруу үчүн жасалма доллар саткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Кармалгандардын бири мурда каракчылык беренеси менен соттолуп, № 26 жатак-абагында жаза мөөнөтүн өтөгөн. 26.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-26T17:23+0600
2021-07-26T17:23+0600
2022-12-23T19:06+0600
https://sputnik.kg/img/103164/29/1031642989_0:175:4000:2425_1920x0_80_0_0_6b6f122c579a77560aa22196542474eb.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103164/29/1031642989_226:0:3775:2662_1920x0_80_0_0_3515aa8e47c87c45b7b7c31effda78ca.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, укмк
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, укмк
“Казынасын” толтуруу үчүн жасалма доллар саткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт
17:23 26.07.2021 (Жаңыртылды: 19:06 23.12.2022) Кармалгандардын бири мурда каракчылык беренеси менен соттолуп, № 26 жатак-абагында жаза мөөнөтүн өтөгөн.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Кылмыштуу казынаны" толтуруу үчүн жасалма доллар саткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, ыкчам иш-чаралардын алкагында өзгөчө ири өлчөмдө жасалма акча каражаттарын сатууну пландаштырып, кийинчерээк “кылмыштуу казынасын” толуктоого аракет кылган уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдар аныкталган.
Натыйжада 24-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан С.С., М.А. жана М.У. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Үйлөрүн тинткенде 6 800 доллар өлчөмүндө жасалма акча чыккан.
Кармалгандардын бири мурда Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) боюнча соттолуп, № 26 жатак-абагында жазасын өтөгөн.
Үчөө тең УКМКнын тергөө абагына киргизилген.