БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодогу Олимпиада-2020 оюндарында 100 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жеке рекордун жаңыртты. Бирок бул ага мелдештин жарым финалына чыгуусуна жардам бере алган жок.
Спорттун бул түрүнөн бүгүн жалпысынан 49 суучул ат салышкан. Петрашов төртүнчү жарышта таймашка түшүп, 100 метрге брасс ыкмасында 1 мүнөт 0,23 секундада келди.
Бул көрсөткүч менен кыргызстандык спортчу 27 орунду ээледи. Кыргызстандык атлет үчүн Олимпиада мелдеши аяктаган жок. 27-июлда ал брасс ыкмасында 200 метр аралыкка сүзүүдө жарышка чыгат.