БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн чет жакасында коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн 14 ооруканада 517 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Жалпысынан 19 оорукана даярдалган. 22-июль саат 08:00гө карата 14үндө бош орун бар.
Бош оруну бар ооруканалардын тизмеси:
- Улуттук хирургия борбору — 20;
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 20;
- № 2 клиникалык төрөт үйү — 23;
- №2 шаардык клиникалык оорукана — 47;
- Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 30;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 33;
- Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 10;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 34;
- Аскердик госпиталь — 19;
- Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 145;
- Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) – 45;
- Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи — 57;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 12.
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 22.
Мурдагы эки күндө бош койкалар көбөйө түшсө, бүгүн кечээкиге салыштырмалуу 20 орунга азайган.
Кыргызстанда бүл күндөрү коронавирус азайбай, күнүгө 9-10дон кем эмес адамдын өмүрүн алып кетип жатат.