БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кытайда суу ташкынынан улам метронун вагондорун суу каптап, 12 киши каза болду. Бул тууралуу Sina.com агенттиги жергиликтүү бийликке таянып кабарлады.
Кырсык кечээ, 20-июлда, Кытайдын Чжэнчжоу шаарында болгон. Нөшөр бир сааттай төгүп, жергиликтүү бийлик шаардагы транспорт кыймылын токтоткон. Мындан улам айрым поезддер кыймылдын жандануусун станциялардын ортосундагы тоннелдерде күтүүгө туура келген. Ал эми метронун дагы бир техникасы суу каптаган аймакта калып, метро кызматкерлери 500дөй кишини эвакуациялаган.
Heavy rains led to flooding in parts of Central China on Tuesday and forced thousands to evacuate pic.twitter.com/QrudURhgnL
— Bloomberg Quicktake (@Quicktake) July 20, 2021
Күбөлөр тарабынан тартылып, социалдык тармактарга жүктөлгөн видеодон ондогон адамдардын суу толгон вагондордон чыга албай калганын көрүүгө болот.
BREAKING - Heavy rain pounded the central Chinese province of Henan, bursting the banks of major rivers, flooding the streets of a dozen cities including Zhengzhou and trapping subway passengers waist-high in floodwaters pic.twitter.com/JSxYhz1k5a
— Insider Paper (@TheInsiderPaper) July 20, 2021
Кырсыктан улам метродо кеминде 12 киши каза болуп, дагы беш адам жаракат алган. Маалыматта куткаруу операциясы улантылып жатканы айтылды. Суу каптаган вагондо канча киши болгону азырынча так кабарлана элек.