"Түндүк агым - 2ге" каршы чыккандар утулууда. Германиядагы саясий абал

© REUTERS / Christian Mang/File PhotoКандидат от Партии зеленых Германии на пост канцлера Анналена Баербок
Кандидат от Партии зеленых Германии на пост канцлера Анналена Баербок  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
"Жашылдар" рейтингинин түшкөнүн өтө оор кабыл алып жатышат, керек болсо Бербок аял болгону үчүн ушундай жемеге калды деген да сөз болууда. Бирок Меркелдин 16 жылдык бийлигинен кийин мындай кеп суу кечпей калары шексиз.
Германияда канышалык доор көпкө узабай калды окшойт, мындан үч ай мурун баары өз нугу менен бараткандай сезилип, Ангела Меркелдин ордуна күзүндө жаңы фрау канцлери келет деген ой бекем болчу. Өлкөдөгү саясий абалга Петр Акопов баам салып, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Канцлерликке 40 жаштагы Анналена Бербокту алып чыккан "Жашылдар" партиясы тездик менен эл оозуна алына баштаган, рейтинги азыркы ХДС-ХСС партиясынан озуп, 30 пайыздык чекке жетип калган учурлары болгон. Сентябрда өтчү шайлоодо "жашылдар" жаңы коалицияга кирип тим болбостон, ал жактагы негизги күчкө айланып, канцлердин креслосун ээлеп калат дегенден эч ким дээрлик күмөн санабай калган.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Лавров АКШ, Европа, тышкы саясат жана өзгөрүлмөлүү позициялар туурасында
Бирок Анналена Бербоктун жылдызы канчалык тез жанса, ошончолук ылдам өчүп бараткандай. Немец медиаларынан түшпөгөн Бербоктон эл тажай баштады. Албетте, өмүр баянындагы дал келбестиктер, декларацияда көрсөтүлбөгөн төлөмдөр, китебиндеги плагиат да буга өз салымын кошту. Кимден ката кетпеген деңизчи, ошентсе да майда-барат нерсенин баары чогулуп отуруп "жашылдарды" бир топ өмгөктөтүп койду, азыр рейтинги 17-20 пайызга чейин түшүп кетти. Мындагы эң эле жагымсыз нерсе — бийликтеги коалиция өз позициясын бекемдей баштады.
ХДС-ХСС партиясынын Меркелдин убагындагыдай 35 пайызы жок, бирок бүгүнкү күнгө 28 пайыз деле жаман эмес. Ал эми кадыр-баркы таптакыр эле түшүп кеткен СДПГ күтүүсүз жерден аброюн кайтарып, эми "жашылдар" менен бирдей көрсөткүчкө ээ болуп калды. Бул сентябрдан кийин азыркы коалиция сакталып калат дегендик эмес, Меркелдин кетиши сыяктуу эле коалициянын да жок болору турулуу иш. Бирок социал-демократтардын баш көтөрүп, Меркелдин мураскору Амин Лашеттин оозго алынышы жаңы коалицияны, оңбу-солбу, эски партиялар түзөрүн көрсөтүп койду. Албетте, коалицияга "жашылдар" деле чакырылат, мында партия башкы ролду кой, экинчиге да жетпей калышы мүмкүн. Ал эми бул Россия үчүн принципиалдуу мааниге ээ.
Анткени "жашылдар" азыр ачык эле атлантикалык оюн көрсөтүп жатат. Партиянын 40 жыл мурун НАТОго, аскердик аракеттерге каршы түзүлгөнүн эске алсак, бул күлкүлүү көрүнүш. Жок, "жашылдар" милитарист болуп кеткен жок, бирок партия глобалисттик долбоорлорго, структураларга баш-оту менен кирип, бул өз кезегинде Россия — Германия мамилесин жөнгө салууга кедергисин тийгизип келет. Мындай абал өзгөчө "Түндүк агым — 2" менен болгон окуяда ачык көрүнүп турат. Бербок дээрлик аягына чыгып калган долбоордон баш тартууда.
Анын айтымында, газ түтүгү Украинанын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан имиш, аны керек болсо Путин да тастыктаптыр (ойдон чыгарылган нерсе экени көрүнүп турбайбы). Түтүк ЕБдин жана "чыгыштагы коңшуларынын", б.а., Украинанын тышкы саясий кызыкчылыгына жооп бербейт экен. Европанын тышкы саясий кызыкчылыгына деги эмне жооп берет? Американын суюлтулган газын алуубу? Украинаны атлантизациялоо планыбы?
Мындан тышкары, Бербок "Түндүк агым - 2" Европанын энергетикалык көз карандысыздыгына жолтоо болуп жатат деп эсептөөдө. Бирок энергиянын бардык булактарынан баш тартып энергетикалык көз карандысыздык тууралуу кантип сөз кылууга болот? Жашыл энергетика өтө кымбат, кадимки энергетиканы алмаштыра албайт. Муну глобалисттердин "жашыл келечек" тууралуу пропагандасына карабай немецтердин басымдуу бөлүгү жакшы түшүнүп турат.
Адис Түндүк агым - 2 газ түтүгүнүн аймагында иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Миллиарддаган доллардан кол жууп... "Түндүк агым — 2" октябрга чейин бүтөбү
"Жашылдар" рейтингинин түшкөнүн өтө оор кабыл алып жатышат, керек болсо Бербок аял болгону үчүн ушундай жемеге калды деген да сөз болууда. Бирок Меркелдин 16 жылдык бийлигинен кийин мындай кеп суу кечпей калары шексиз.
Ыксыз кепке бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле жакшы жооп берди. Ал "ысыкка чыдай албасаңыз, ашканада эмне жүрөсүз" деген эски макалды эске салды. Анналена Бербок үчүн шайлоо өнөктүгү өтө оор болду окшойт, бирок баарынан да "жашылдар" саясий аренада "сен мага тийбе, мен сага тийбейин" таризде жүрүп көнүп калган шекилдүү.
Кылымдар тогошуп жаткан маалда алар бийлик коалициясынын курамында болуп (Герхард Шредердин өкмөтү), Баден-Вюртембергди он жылдан бери "жашыл" Винфрид Кречманн башкарып келди. Буларды федералдык деңгээлде эч ким деле олуттуу кабыл алчу эмес. Ал эми азыр "элдик партиялар" "ХДС-ХСС менен СДПГ) башынан кечирип жаткан каатчылык маалында "жашылдарды" акырын "муунтуп" коюшту.
Негизги ролго аракет кылган, мисалы, "Германия үчүн альтернатива" партиясына жасалган мамилени эске алсак, "жашылдарга" өтө эле этият мамиле жасалды. Алдыга жулунган партияларга тыюу сала албай, аны жөн гана желмогуз көрсөтүп, көңүл сыртында калтырып (башка партияларга аталган уюм менен ар кандай деңгээлде иштешүүгө тыюу салып), чет өлкөлөр (албетте, Россия) менен кызматташат деп айыптап, атайын кызматтын көзөмөлүндө болуп жатышпайбы. "Жашылдар" мындайга туш болбойт, анткени "Альтернатива" бийлик истеблишментине жакпаган чынында контрэлиталык партия.
Жердин картасы тартылган граффитинин жанын өтүп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Эки тизгин, бир чылбырды бере тургула. Дүйнөнү башкарууга умтулган ЕБ лидерлери
Ал эми "жашылдар" — чет жактын таасири күчтүү системалык оюнчулардын бири. Бирок бул атлантикалык, глобалисттик структуралардын таасири экени немец элитасын ойго салып келет. Андыктан "жашылдарды" өз ордуна, олуттуу адамдардын кичи өнөктөшү катары жылдырып коюп жатышат. Мындай адамдар Германияны Меркель кеткенден кийин деле бийлейт, алсак ошол эле 78 жаштагы Вольфганг Шойбле. Бул адамдын канцлер болууга меркелдерге чейин эле мүмкүнчүлүгү бар болчу.
Меркель озуп кетти, бирок Шойбле таасирин да, дымагын да ошол тейде сактап калды. Бир жакка кетейин деген да ою жок, ал азыр өлкөдөгү "номер экинчи адам", кайрадан парламентке талапкерлигин коюп жатат. Германияны мындан ары баштап-көздөп кетүүгө "жашыл" Анналенанын дарамети чектелүү эмеспи.
Жаңылыктар түрмөгү
0