https://sputnik.kg/20210714/kytaj-zhogolgon-bala-ata-tapty-1053212080.html
Кытайлык киши жоголгон уулун 24 жыл бою издеп жүрүп, акыры таап алды
Кытайлык киши жоголгон уулун 24 жыл бою издеп жүрүп, акыры таап алды
Sputnik Кыргызстан
Баланы эки жашында Шаньдун провинциясынан уурдап кетишкен. Ошондон бери уулунан үмүт үзбөгөн ата Кытайдын 20 провинциясын велосипед жана мотоцикл менен кыдырып... 14.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-14T09:53+0600
2021-07-14T09:53+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
азия
дүйнөдө
коом
кытай
ата-бала
издөө
үмүт
https://sputnik.kg/img/07e5/07/0e/1053212394_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_cced96dad5b442fad574cd8e71e7bc32.jpg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кытайлык Го Гонтан аттуу адам 24 жыл мурда жоголгон уулун издеп жүрүп, акыры таап алды. Бул тууралуу Daily Mail жазды.Баланы эки жашында Шаньдун провинциясынан уурдап кетишкен. Ошондон бери уулунан үмүт үзбөгөн ата Кытайдын 20 провинциясын велосипед жана мотоцикл менен кыдырып чыккан.Бирок ал көздөгөнүнөн кайтпай жүрүп, жоголгон балдарды издөө менен алектенген уюмдун мүчөсү боло алган. Ал ортодо жоголуп кеткен жети баланы ата-энеси менен табыштырууга жетишкен. Анын таржымалы тууралуу 2015-жылы көркөм фильм тартылган."Ошентип 2021-жылы Хэнань провинциясынан өз уулун таап алды. 26 жаштагы Синьчжэнь аттуу жигит анын баласы экенин далилдеш үчүн ДНК-тест тапшырууга туура келди. Көрсө, баланы 1997-жылы уурдап кеткендер башка провинцияга алып барып, жаш үй-бүлөгө саткан экен. Алар аны багып эрезеге жеткирген. Учурда Синьчжэнь мектепте мугалим болуп иштеп жүрүптүр", — деп жазылат кабарда.Кытайда бала уурдоо чоң көйгөй болуп эсептелет. Расмий статистикага караганда, өлкөдө бир жыл ичинде 20 миңге чукул бала жоголот.
https://sputnik.kg/20210630/zhalal-abad-ozbekstandyk-kyz-tabyldy-1053057547.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/0e/1053212394_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_61608f70b671da3ab6a38639ca2e9e85.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, азия, дүйнөдө, коом, кытай, ата-бала, издөө, үмүт
жаңылыктар, азия, дүйнөдө, коом, кытай, ата-бала, издөө, үмүт
Кытайлык киши жоголгон уулун 24 жыл бою издеп жүрүп, акыры таап алды
09:53 14.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Баланы эки жашында Шаньдун провинциясынан уурдап кетишкен. Ошондон бери уулунан үмүт үзбөгөн ата Кытайдын 20 провинциясын велосипед жана мотоцикл менен кыдырып чыккан.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кытайлык Го Гонтан аттуу адам 24 жыл мурда жоголгон уулун издеп жүрүп, акыры таап алды. Бул тууралуу
Daily Mail жазды.
Баланы эки жашында Шаньдун провинциясынан уурдап кетишкен. Ошондон бери уулунан үмүт үзбөгөн ата Кытайдын 20 провинциясын велосипед жана мотоцикл менен кыдырып чыккан.
"Гонтан транспортуна баласынын портретин илип алган. Бул жылдар арасында ал жолдо жүрүп далай кырсыкка кабылып, ал тургай кол салуунун дагы курмандыгы болгон. Көп ирет көчөгө түнөп, кайыр суроого туура келген", — деп жазылат макалада.
Бирок ал көздөгөнүнөн кайтпай жүрүп, жоголгон балдарды издөө менен алектенген уюмдун мүчөсү боло алган. Ал ортодо жоголуп кеткен жети баланы ата-энеси менен табыштырууга жетишкен. Анын таржымалы тууралуу 2015-жылы көркөм фильм тартылган.
"Ошентип 2021-жылы Хэнань провинциясынан өз уулун таап алды. 26 жаштагы Синьчжэнь аттуу жигит анын баласы экенин далилдеш үчүн ДНК-тест тапшырууга туура келди. Көрсө, баланы 1997-жылы уурдап кеткендер башка провинцияга алып барып, жаш үй-бүлөгө саткан экен. Алар аны багып эрезеге жеткирген. Учурда Синьчжэнь мектепте мугалим болуп иштеп жүрүптүр", — деп жазылат кабарда.
Кытайда бала уурдоо чоң көйгөй болуп эсептелет. Расмий статистикага караганда, өлкөдө бир жыл ичинде 20 миңге чукул бала жоголот.