Мэр, ветеринар, жумушсуз. Токмок шаарында мандатка жеткендердин тизмеси

© Sputnik / Жоомарт УраимовРабота мэрии города Токмок
Работа мэрии города Токмок - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат. Токмок шаардык кеңешине 31 мандат каралган.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Токмок шаардык кеңешине депутат болчулардын болжолдуу тизмеси белгилүү болду.
Кайра шайлоого катышкан алты партиянын бешөө жеңишке жетип, бир гана "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 1,65 пайыз добуш менен өтпөй калган. Токмок шаардык кеңешине 31 мандат каралган.
Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат. Материал партиялардын БШКга берген тизмесинин негизинде даярдалды.
Мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

"Бирге — Вместе" — 10 мандат

  1. Чокеев Кайрат Кубанычбекович, 33 жашта, жеке ишкер;
  2. Исабеков Чыңгыз Азизович, 28 жашта, "Сода-Трейд" компаниясында менеджер;
  3. Машалаева Роза Шывасовна, 46 жашта, "Бай Эл Инвест" ишканасынын башкы директору;
  4. Хусаинов Алишер Мухаматшарипович, 39 жашта, жеке ишкер;
  5. Жунушалиев Сатыбалды Бакытбекович, 28 жашта, "Манас" эл аралык аэропортунда инженер;
  6. Жаркын Абдылас, 44 жашта, жумушсуз;
  7. Абраимов Зафаржан Сабыржанович, 31 жашта, жеке ишкер;
  8. Сексенбаев Адилет Үсөнович, 29 жашта, жумушсуз;
  9. Самаева Нафисат Обозбековна, 28 жашта, "Не болит" ЖЧКнын администратору;
  10. Ташмамбетов Азат Шейшенаалыевич, 28 жашта, жумушсуз.

"Эмгек" — 8 мандат

  1. Амангельдиев Данияр Жолдошевич, 39 жашта, Токмок шаарынын мэри;
  2. Кубатбек уулу Азат, 30 жашта, Токмок муниципалдык менчик башкармалыгынын бөлүм башчысы;
  3. Айтышева Толгонай Канатбековна, "Айтыш-Ата" жеке менчик ишканасынын администратору;
  4. Лулаков Роман Владимирович, 39 жашта, дарыгер-ветеринар;
  5. Ваншу Абу-Бакыр Юсупович, 34 жашта, жумушсуз;
  6. Маткеримова Венера Акылбековна, 52 жашта, Токмоктогу Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары;
  7. Жетимишев Самат Жанышевич, 30 жашта, жумушсуз;
  8. Парпиев Тахир Худобердиевич, 29 жашта, жумушсуз.

"Асыл мурас жаштар" — 5 мандат

  1. Солтобаев Тилек Асанович, 33 жашта, Токмок шаардык кеңешинин төрагасы;
  2. Мураталиев Хаётилло Султанжанович, 44 жашта, жеке ишкер;
  3. Сыдыкова Чолпон Сахалинбековна, 51 жашта, Токмок кесиптик бирлигинин төрагасы;
  4. Ложаров Сулайман Даурович, 58 жашта, "Айым" жеке клиниканын дарыгери;
  5. Абдрахманов Икрам Акрамович, 29 жашта, жеке ишкер.

"Патриот ынтымагы" —  4 мандат

  1. Маров Ильяс Даусович, 51 жашта, Токмок шаардык спорт мектебинин улук машыктыруучусу;
  2. Исаков Ибрахимжан Рахимжанович, 23 жашта, жумушсуз;
  3. Каптагаева Гүлшат Эшембековна, 57 жашта, Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
  4. Ормоков Куват Карымшакович, 41 жашта, жумушсуз.

"Эл биримдиги" — 4 мандат

  1. Сансызбаев Тынайбек Мамбетжанович, 54 жашта, "ДиОА Шумкар" мунай базасы компаниясынын директору;
  2. Маликов Анарбек Туйгунбекович, 30 жашта, "Томат КейДжи" айыл чарба фермеринин техникалык директору;
  3. Мамбетжанова Алтынай Кадырбековна, 27 жашта, "Брент" күйүүчү май куюучу жайынын улук оператору;
  4. Раимов Батыр Шүкүрович, 44 жашта, "Версаль" компаниясынын инженери.
Белгилей кетсек, эгер кимдир бирөө мандаттан баш тартса, артында турган талапкер депутат боло алат.
Ошондой эле расмий жыйынтык чыкканда мандаттардын бөлүштүрүлүшү өзгөрүшү мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0