Аталган үч шаардын жашоочулары ушуну менен экинчи ирет депутаттарды тандап жатат. 11-апрелдеги шайлоо одоно мыйзам бузуу менен коштолгондуктан жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Бүгүн эртең менен саат 8:00дө 326 шайлоо участкасы ачылды. Жалпысынан 617 517 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Анын ичинен Бишкекте — 426 699, Ошто — 152 718, Токмокто 38 100.
Кечээ 3 511 шайлоочу участкадан тышкары добуш берди. Бишкекте он сегиз, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлга дайындалган

11-апрелдеги шайлоо одоно мыйзам бузуу менен коштолгондуктан жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Эртең менен саат 8:00дө шайлоо тилкелери ачылган

Жалпысынан 617 517 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Анын ичинен Бишкекте — 426 699, Ошто — 152 718, Токмокто — 38 100

Бишкекте он сегиз, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат

Бишкек шаарында шайлоого катышуу активдүүлүгү төмөн. Бирок шайлоону өттү деп таануу үчүн босого чек коюлган эмес

Саат 20:00дөн кийин автоматтык эсептөөчү урна алдын ала жыйынтыкты көрсөтө баштайт

Шайлоо тилкелеринде санитардык нормалардын сакталышы да тыкыр көзөмөлгө алынууда

Бишкек менен Ош шаардык кеңештерине 45тен мандат каралган, Токмокто 28 депутат шайланат

Шаардык кеңештин депутаттары келгенден кийин мэрди шайлайт. Ошондой эле шаардын инфраструктурасын жакшырууга багытталган чечимдерди кабыл алышат

Бюллетенди сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынат

Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылат
