Адис балага 4 жашка чейин бербей турган азыктарды санап берди

© Photo / Pexels / Polina TankilevitchУпотребление суши в еду
Употребление суши в еду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Эгер эрте жеп баштаса козун карын, сыртына шоколад капталган сыр, роллы, суши сыяктуу азыктар баланын ден соолугун "талкалай" турганын адис эскертти.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Балага кандай азыктарды бербеш керектигин, эмнелерди эрте жегенде бөбөккө зыян болорун РФтин Балдар боюнча илим изилдөө институтунун директору, профессор Нисо Одинаева санап бергенин РИА Новости жазды.
Эгер эрте жеп баштаса козун карын, сыртына шоколад капталган сыр, роллы, суши сыяктуу азыктар баланын ден соолугун "талкалай" турганын айтты.
Андан сырткары, кичинекейлер 4 жашка чыккыча таптакыр бербеш керек деген тамак-ашты санап берди.
"Колбаса, сосиска, ышталган, какталып бышырылган тоок, мунун баарын төрт жашка чейинкилерге такыр бербеш керек. Алардын курамында өң берген заттар, эмульгаторлор, консерванттар жана туз өтө көп. Баланын организми аларды көтөрө албайт", — деген Одинаева.
Адис кичинекейлерге дүкөндөн сатып келген ширелерди жана газдалган суусундуктарды берүүдөн оолак болгон жакшы экенин эскерткен.
Тамактанып жаткан өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Эксперт: туура тамактанган баланын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот
"Андай суусундукта кант көп, ал эми газ баланын ичегилери менен ашказанына терс таасирин тийгизет. Пакеттеги ширелерди үч жаштан өйдө бериш керек, ошондо да жарымына суу кошуу шарт. Негизи эле сатып алгандан көрө үйдөн компот, морс жасаңыз. Жемиштердин жаңы сыгылган ширесинен артыгы жок же жөн эле суу бериңиз", — деген профессор.
Ал азыркы кезде эл көп жеп калган суши жана роллы тамактарындагы балыктардан ар кандай мителер жугушу мүмкүндүгүн айткан.
Дарыгер тоңдурулуп, жарым-жартылай даярдалып койгон тамактардан кичинекейлерди колдон келсе алыс кармаш керектигине кеңеш берген.
Себеби андагы туз, жасалма кошулмаларда белок дээрлик жок. Ал эми консерваланып, туздалып жабылган азыктар сууда тургандыктан баланын бөйрөгүнө зыянын тийгизерин эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0