Максүт уулу: эхинококкоз, альвеококкоз адамда көпкө чейин байкалбайт
11:11 09.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
Жазылуу
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын хирургия кафедрасынын доценти Эрлан Максүт уулу өнүккөн мамлекеттерде эхинококкоз, альвеококкоз ооруларын кезиктирмек турсун, укпаган кесиптештери бар экенин айтты.
Кыргызстан эндемиялык зона болуп эсептелет. Илгертеден ата-бабаларыбыз мал чарбачылыкка, аңчылыкка жакын болушкан. Адам менен жаныбардын тыгыз мамилесинен улам ортодо эхинококкоз, альвеококкоз оорулары пайда болду. Бул тууралуу Эрлан Максүт уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Максүт уулу: эхинококкоз, альвеококкоз адамда көпкө чейин байкалбайт
Анын айтымында, эхинококкоз оорусун өз учурунда аныктоо үчүн жылына бир ирет дарыгерге көрүнүп, анализ тапшыруу керек.
"Айыл жергесинде мал-жандыкка жакын адамдарда эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбүрөөк чыгып келген. Мындан 5-6 жыл мурда маселе курч эле. Операцияга муктаж бейтаптар көп болчу. Азыр ветеринария кызматкерлери абалды жолго салышты. Бүгүнкү күндө иттердин паспорту бар, дегельминтизация жүргүзүлүп жатат. Эхинококкоз менен негизинен киши жана мал ооруйт. Эхинококк ит, мышыктын ичегисинде мителик кылып, ал ичегиде өсүп жетилет да, жумурткалары заң менен айлана-чөйрөгө бөлүнөт. Алар айлана-чөйрөдө чыдамдуу келип, адамга жана малга оору пайда кылуу коркунучун туудурат. Тамак менен кирген мите жумурткалары ичегиден канга, кан аркылуу боор, өпкөгө, мээге жана башка органдарга өтүп личинкага айланат. Ал акырындык менен өсүп, ыйлаакча болот. Ыйлаакчалар жайгашкан органдар жабыркап, алардын көлөмү, функциясы өзгөрүлүп, оору жаралат. Эхинококкоздун белгилери алардын жайгашкан жерине, көлөмүнө, санына жараша болот. Боордун эхинококк ыйлаакчасы акырындык менен өскөндүктөн көпкө чейин киши өзүнүн ооруганын сезбей жүрө берет. Ыйлаакча чоңойгон кезде гана боорду чоңойтуп жиберет. Ушул мезгилде оң кабырганын алды ооруйт. Боор чоңоюп, айрым убакта киндикке, андан ылдый түшүп кетиши мүмкүн. Ал эми альвеококкоз рак сымал организмди жабыркатат. Мунун паразиттик рак деген да аталышы бар. Бул боорду четинен жеп кете берет. Мындай учурда орган толук трансплантацияга муктаж болуп калат", — деди Максүт уулу.
Дарыгер оорунун алдын алуу үчүн үй жаныбарларын ветеринарга көрсөтүп, өздүк гигиенага көңүл буруп, ал эми ылаңдаган малдын боорун, өпкөсүн итке бербей, жерге терең көөмп салуу керектигин сунуштады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: