https://sputnik.kg/20210705/sport-suuda-suzuu-kulkuluu-surottor-1053108503.html
Жыгылып, бырышып, үркүтүп күлкүгө салган спортчулар. Таймаштардагы 18 сүрөт
Жыгылып, бырышып, үркүтүп күлкүгө салган спортчулар. Таймаштардагы 18 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Спорт бул жеңиштер, рекорддор менен чектелбейт. Sputnik Кыргызстандын кезектеги сүрөт түрмөгүнө таймаштардагы күлкүлүү учурлар камтылды. 05.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-05T19:09+0600
2021-07-05T19:09+0600
2021-12-16T16:29+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/07/04/1053096679_0:83:2146:1297_1920x0_80_0_0_ffc11e9b0c829cba62646267ac099b42.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/04/1053096679_25:65:1672:1100_1920x0_80_0_0_886040ad2a99e30813599eeaae1d7f20.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, спорт, сүрөт, мультимедиа, сүрөт түрмөк
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, спорт, сүрөт, мультимедиа, сүрөт түрмөк
Жыгылып, бырышып, үркүтүп күлкүгө салган спортчулар. Таймаштардагы 18 сүрөт 19:09 05.07.2021 (Жаңыртылды: 16:29 16.12.2021 )
Спорт бул жеңиштер, рекорддор менен чектелбейт. Sputnik Кыргызстандын кезектеги сүрөт түрмөгүнө таймаштардагы күлкүлүү учурлар камтылды.
Спорт журналисттери айрым учурларда атлеттердин сыйлоо аземинде кулап кеткенин, оюн учурунда кийимин жоготуп алганын же күлкүлүү кыймылдарды жасаган учурларын тартып калышат.
Жыл сайын 2-июлда Спорт журналисттеринин эл аралык күнү белгиленет. Анын негизделишине тарыхый окуя себеп болгон. 1924-жылы дал ушул күнү Парижде (Франция) Спорттук прессалардын эл аралык ассоциациясы (International Sports Press Association, AIPS) түзүлгөн. 1995-жылы дал ушул уюм 2-июлду кесиптик майрам катары бекитүүнү сунуштаган.
© AFP / Timothy A. Clary Мексикалык спортчу кыз 2015-жылы Торонтодо өткөн Панамерикалык оюдарда синхрондук сүзүү мелдешинин командалык таймашынын финалында Мексикалык спортчу кыз 2015-жылы Торонтодо өткөн Панамерикалык оюдарда синхрондук сүзүү мелдешинин командалык таймашынын финалында
© AFP / Fabrice Coffrini Италиялык лыжа спортчусу Кристоф Иннерхофер 2014-жылдагы Сочи олимпиадасынын сыйлоо аземинде кулап калган учуру Италиялык лыжа спортчусу Кристоф Иннерхофер 2014-жылдагы Сочи олимпиадасынын сыйлоо аземинде кулап калган учуру
© AFP / Christophe Simon 2016-жылдагы Рио-де Жанейродогу Олимпиада оюндары. Япониялык суучул Хагино Косукэ жарышка даярданып жаткан чагы 2016-жылдагы Рио-де Жанейродогу Олимпиада оюндары. Япониялык суучул Хагино Косукэ жарышка даярданып жаткан чагы
© AFP / Ronaldo Schemidt Мексиканын Кулиакан шаарындагы "Томатерос" стадионунда Карибдик бейсбол оюндарынын беттештеринде бейсбол таягынан "үркүп" турган көрүүчүлөр. 2017-жыл. Мексиканын Кулиакан шаарындагы "Томатерос" стадионунда Карибдик бейсбол оюндарынын беттештеринде бейсбол таягынан "үркүп" турган көрүүчүлөр. 2017-жыл.
© AFP / Javier Soriano "Реал Мадрид" клубунун бразилиялык коргоочусу Данило Луис да Силва 2016-жылы УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин 8/1 финалдык баскычындагы оюнда бети менен топту тосуп турган учуру "Реал Мадрид" клубунун бразилиялык коргоочусу Данило Луис да Силва 2016-жылы УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин 8/1 финалдык баскычындагы оюнда бети менен топту тосуп турган учуру
© AFP / Yann Coatsaliou Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль 2018-жылы Монте-Карлодо (Монако) өткөн ATP Masters Series мелдешинде Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль 2018-жылы Монте-Карлодо (Монако) өткөн ATP Masters Series мелдешинде
© AFP / Adrian Dennis 2014-жылы Сочи Олимпиадасында көркөмдөп муз тебүү мелдешинде программасын тартуулап жаткан германиялык жуп 2014-жылы Сочи Олимпиадасында көркөмдөп муз тебүү мелдешинде программасын тартуулап жаткан германиялык жуп
© AFP / Yasuyoshi Chiba Стол теннисинин чебери, бразилиялык Массао Кохацу Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада Стол теннисинин чебери, бразилиялык Массао Кохацу Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада
© AFP / Paul Ellis Бирмингемде өткөн "Астон Вилла" жана "Тоттенхэм Хотспур" клубдарынын беттешинде топ талашкан футболчулар Бирмингемде өткөн "Астон Вилла" жана "Тоттенхэм Хотспур" клубдарынын беттешинде топ талашкан футболчулар
© AP Photo / Chris O'Meara 2012-жылы өткөн Лондон Олимпиадасы. Польшанын волейболчусу Болгарияга каршы оюнда жарнактарды бузуп болсо да топту кайтарган учуру 2012-жылы өткөн Лондон Олимпиадасы. Польшанын волейболчусу Болгарияга каршы оюнда жарнактарды бузуп болсо да топту кайтарган учуру
© AFP / Carl Court Словакиялык теннисчи кыз Анна Шмидлова Уимблдон мелдешинде Словакиялык теннисчи кыз Анна Шмидлова Уимблдон мелдешинде
© AFP / Carl de Souza Франциялык теннисчи Микаэль Льодра Уимблдон мелдешинин беттештеринде көрүүчү кызды басып кулаган учуру Франциялык теннисчи Микаэль Льодра Уимблдон мелдешинин беттештеринде көрүүчү кызды басып кулаган учуру
© AFP / Martin Bureau Бийиктен сууга секирүү спорту. Япониялык Кен Тераучи Рио-де-Жанейро Олимпиадасында Бийиктен сууга секирүү спорту. Япониялык Кен Тераучи Рио-де-Жанейро Олимпиадасында
© AP Photo / Amy Sancetta Америкалык гимнастика чебери Шон Жонсон 2008-жылдагы Пекин Олимпиадасында программасын тартуулоого даярданып жаткан чагы Америкалык гимнастика чебери Шон Жонсон 2008-жылдагы Пекин Олимпиадасында программасын тартуулоого даярданып жаткан чагы
© AP Photo / Eduardo Di Baia "Бока Хуниорс" (Аргентина) жана "Толука" (Мексика) футболдук клубдардын оюнчулары Буэнос-Айресте өткөн Либертадорес кубогу мелдешинде "Бока Хуниорс" (Аргентина) жана "Толука" (Мексика) футболдук клубдардын оюнчулары Буэнос-Айресте өткөн Либертадорес кубогу мелдешинде
© AP Photo / Matt Slocum Спортчу Куртис Робертс АКШда өткөн мелдеште ядро ыргытып жатат Спортчу Куртис Робертс АКШда өткөн мелдеште ядро ыргытып жатат
© AP Photo / Mark J. Terrill Америкалык "Лос-Анджелес Клипперс" клубунун баскетболчусу Блэйк Гриффин менен машыктыруучусу Винни Дель Негро беттешти майрамдап жаткан учуру Америкалык "Лос-Анджелес Клипперс" клубунун баскетболчусу Блэйк Гриффин менен машыктыруучусу Винни Дель Негро беттешти майрамдап жаткан учуру
© AP Photo / Alastair Grant Россиялык теннисчи Мария Шарапова Уимблдон мелдешинде Россиялык теннисчи Мария Шарапова Уимблдон мелдешинде