Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
2-июлда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жума күнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +31…+36, Талас өрөөнүндө +30…+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +33…+38, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +23…+28 градуска ысыйт.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбор калаада +34…+36, Ошто +36…+38, Чолпон-Ата шаарында +23…+25 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0