Адам бойдон калгыла. Жапаров алтын сертификат ээлерине кайрылды. Видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификат тапшыруу учурунда
Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификат тапшыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы бүтүрүүчүлөрдүн кыйла бөлүгү чет мамлекеттердин алдыңкы университеттерине өтөрүн, бул өлкөнүн билим берүү системасынын олуттуу потенциалын көрсөтүп турарын белгилеген.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификат тапшырып, мектепти ийгиликтүү бүтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Алган билимиңер, топтогон тажрыйбаңар Ата Мекен үчүн пайда алып келгендей болсун. Сиздер ушул тапта келечек кесибиңерди тандап, улуу максаттарды алдыга коюп, багытыңарды аныктап алганыңыздарга толугу менен ишенем. Бүгүнкү ийгиликке жетүү үчүн сиздер бөбөк кезден, биринчи класстан тартып талпынып, мына минтип аң-сезимдүү, айкын максаттуу, ар тараптуу инсан болдуңуздар. Бекеринен кыргыз "Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсизге дүйнө караңгы" дебесе керек", — деди Жапаров.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификат тапшырып, мектепти ийгиликтүү бүтүшү менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификат тапшырып, мектепти ийгиликтүү бүтүшү менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификат тапшырып, мектепти ийгиликтүү бүтүшү менен куттуктады
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент балдардын ийгиликке жетишине мугалимдер менен ата-энелердин салымы зор экенин айткан.
Президент балдардын ийгиликке жетишине мугалимдер менен ата-энелердин салымы зор экенин айткан.  - Sputnik Кыргызстан
2/2
Президент балдардын ийгиликке жетишине мугалимдер менен ата-энелердин салымы зор экенин айткан.
1/2
Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификат тапшырып, мектепти ийгиликтүү бүтүшү менен куттуктады
2/2
Президент балдардын ийгиликке жетишине мугалимдер менен ата-энелердин салымы зор экенин айткан.
Президент балдардын ийгиликке жетишине мугалимдер менен ата-энелердин салымы зор экенин айткан. Ал ЖРТга катышкандардын кыйла бөлүгү чет мамлекеттердин алдыңкы университеттерине өтөрүн, бул өлкөнүн билим берүү системасынын олуттуу потенциалын көрсөтүп турарын белгилеген.
Экзамен тапшырып жаткан бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Министрлик жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллын белгиледи
"Он жети жылдын ичинде 700дөн ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөнүн артыкчылык сертификаты менен сыйланган. Албетте, алар — республиканын жаш муундарынын элитасы, биздин сыймыгыбыз, келечегибиз! Өткөн жылы коронавирус пандемиясы бүтүндөй билим берүү системасына кедергисин тийгизгендигине карабастан, бир топ ийгиликтер жаралды. Сиздер билим алууга эч нерсе тоскоолдук кыла албасын далилдеп, өзүңөрдү көрсөтө алдыңар", — деди Жапаров.
Президент бүтүрүүчүлөргө ден соолук, ийгилик каалап, "кандай гана кырдаал болбосун адам бойдон калгыла" деген кеңешин берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0