Кыргызстан Түркмөнстандан эмне алып, эмне сатат? Кызыктуу статистика

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан жана Түркмөнстан желектери
Кыргызстан жана Түркмөнстан желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Кыргызстан өткөн жылы Түркмөнстандан импорттогон товардын көлөмү экспорттон ашып түшкөн. Биз аларга лампочка менен шоколад сатсак, алар помидор, шейшеп, дасторкон, майлык жана раковина, унитаз жөнөткөн. Кененирээк Sputnik Кыргызстандын материалынан таанышыңыз.
Жакында эле Кыргызстанга Түркмөнстандан Садыр Жапаровдун расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин алкагында жүктүн биринчи партиясы келди.
27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда эки мамлекеттин ишкерлери макулдашууга кол койгон.
Президенттик администрациянын билдиришинче, жалпы наркы 21 миллион доллардан ашуун жемиш, сантехника жана азык-түлүк жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Ошондой эле тараптар кийим-кече, бут кийим чыгаруу, инвестиция жана импорттук-экспорттук операциялар боюнча кызматташууну макулдашкан.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Тажрыйба алмашалы. Жапаров түркмөн ишканаларын Кыргызстанда иштөөгө чакырды
2020-жылы аталган эки өлкө бири-биринен эмне сатып алганын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Улуттук статистика комитетинин отчётунан анализдеп чыкты.
Анда өткөн жылы эки өлкөнүн товар айлантуусунун көлөмү 11,7 миллион доллардан ашканы белгилүү болду. 2019-жылга салыштырмалуу бир аз өскөн. Деген менен салыштыра келсек Кытай менен болгон соода алаканын 0,2 пайызын гана түзөт.
Былтыр Кыргызстан Түркмөнстанга 4,6 миллион долларлык товар сатып, кайра 7,2 миллион долларлык товар сатып алган.
Кыргызстан экспорттогон товарлар (тизмеге баасы 10 миң доллардан жогору турган товарлар киргизилди):
  • Лампочка — 9,4 миллион даана, 1 миллион 270,4 миң доллар;
  • Шоколад (какао азыктары)  — 215,6 тонна, 891,4 миң доллар;
  • Картошка — 3 180,7 тонна, 696,5 миң доллар;
  • Шейшеп, дасторкон, сүлгү, ашкана жана даарат кагаздары — 55 тонна, 530 миң доллар;
  • Барит, витерит минералдары — 2 миң тонна, 460 миң доллар;
  • Айрым дан азыктары — 32 тонна, 338,2 миң доллар;
  • Нан, ундан жасалган кондитердик азыктар, пирог, печенье — 27,6 тонна, 107,2 миң доллар;
  • Жаңгактын кээ бир түрлөрү — 103,9 тонна, 98,9 миң доллар;
  • Кургатылган жемиш — 86 тонна, 70,4 миң доллар;
  • Пияз, сарымсак — 268,5 тонна, 63,9 миң доллар;
  • Алма, алмурут, айва — 61,6 тонна, 21,5 миң доллар;
  • Минералдык жана газдалган суу — 19,6 миң литр, 10,8 миң доллар;
Түркмөнстандан импорттолгон товарлар:
  • Помидор — 3,5 миң тонна, 3 миллион 781,4 миң доллар;
  • Шейшеп, дасторкон, сүлгү, ашкана жана даарат кагаздары — 1,04 миң тонна, 1 миллион 164,1 миң доллар;
  • Раковина, ванна жана башка сантехникалык каражаттар, арасында керамикадан жасалганы да бар — 42,7 миң даана, 524 миң доллар;
  • Пластмасса түтүктөр, шланг жана анын улагычтары — 310 тонна, 259,2 миң доллар;
  • Пластмасса плита, лента — 207,5 тонна, 235,3 миң доллар;
  • Текстиль материалынан пахта жана андан жасалган буюмдар — 410,6 тонна, 192,3 миң доллар;
  • Таңгактоочу мүшөк жана баштыктар — 126,5 тонна, 175,1 миң доллар;
  • Нан, ундан жасалган кондитердик азыктар, пирог, печенье — 231,4 тонна, 165,6 миң доллар;
  • Буюмдарды жеткирүүгө жана таңгактоого керектелген пластмасса товарлар — 99,7 тонна, 123,9 миң доллар;
  • Пластмассадан жасалган ашкана идиштер жана гигиеналык же даараткана каражаттары — 70,6 тонна, 94,4 миң доллар;
  • Атайын багыттагы транспорт каражаты — 2 даана, 58 миң доллар;
  • Жүгөрү, күрүч, бадырак жана ушул сыяктуу азыктар — 41,9 тонна, 55,2 миң доллар;
  • Термикалык жылмаланган айнек — 11,4 миң чарчы чакырым, 45,8 миң доллар;
  • Пахта буласынын калдыгы — 108 тонна, 44,4 миң доллар;
  • Курамында какао жок кант аралашкан кондитердик азыктар — 19,1 тонна, 37,2 миң доллар;
  • Какао камтылган шоколад жана башка азыктар — 23,9 тонна, 36,8 миң доллар;
  • Жүн камтылбаган тери (мисалы, канаттуулардын, эчкинин териси) — 48,9 тонна, 32,3 миң доллар;
  • Жаныбардын ичеги-карыны — 41,5 тонна, 27,8 миң доллар;
  • Бадыраң — 23 тонна, 23 миң доллар;
  • Эмеректин айрым түрлөрү жана бөлүктөрү — 17,9 тонна, 18,4 миң доллар;
  • Минералдык жана газдалган суу — 19,4 миң литр, 12,5 миң доллар;
  • Бульдозер, грейдер, экскаватор өңдүү техника — 1 даана, 10,1 миң доллар.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0