Футбол: дүйнө чемпиону Франция Швейцарияга утулуп калды. Видео

© AFP / FRANCK FIFEФранциянын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Килиан Мбаппе Швейцария менен беттеш учурунда
Франциянын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Килиан Мбаппе Швейцария менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Негизги беттеш 3:3 упай эсебинде аяктаган. Кошумча берилген убакытта да жеңүүчү аныкталбай, пенальтиде гана 5:4 эсеби менен швейцариялыктар уткан.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Дүйнөнүн учурдагы чемпиону болуп турган Франциянын курама командасы Швейцариядан утулуп, Евро-2020 оюнунан четтетилди.
Кечээ Румыниянын Бухарест шаарындагы "Националь" стадионунда футбол боюнча Европа чемпионатынын 1/8 финалдык беттеши өтүп, анын алкагында Франция менен Швейцария беттешкен.
Это надо видеть! Шикарный гол пяткой забит на чемпионате Бразилии — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео
Алгачкы эсепти оюндун 15-мүнөтүндө Швейцария курама командасынын чабуулчусу Харис Сеферович ачкан. 57 жана 59-мүнөттөрдө Франция командасынын чабуулчусу Карим Бензема атаандаштардын дарбазасына топ киргизип, эсепти 2:1 кылган. 75-мүнөттө Пол Погба француздар үчүн дагы бир гол киргизген.
Бирок Францияга ийгилик көпкө жылмайбады. Оюндун 81-мүнөтүндө швейцариялык Сеферович кайрадан гол киргизсе, 90-мүнөттө бир командада ойногон Марио Гавранович дагы бир топ киргизип, ийгилик жараткан.
​Негизги беттеш 3:3 эсеби менен аяктаган. Кошумча берилген убакытта да жеңүүчү аныкталбай, пенальтиде гана 5:4 эсеби менен швейцариялыктар уткан.
Натыйжада Швейцария Евро-2020 оюнунун чейрек финалына чыгып, Испания менен ойномой болду. Оюн 2-июлда Санкт-Петербургда өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0