00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шайлоого деп акча чогулткан. Сот Ирсалиевге козголгон иштин чоо-жайын айтты

© Фото / пресс-служба правительства КРСоциалдык фонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиев. Архив
Социалдык фонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Социалдык фонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиев коррупциялык иштерге аралашуу фактысы боюнча айыптуу деп табылган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Социалдык фонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиев кызматта турган кезде кайсы бир партия үчүн каражат чогулткан. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун токтомунда айтылат.
Соттун чечими менен Ирсалиев коррупциялык иштерге аралашуу фактысы (Кылмыш-жаза кодексинин 43-319-беренеси) боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Эсепсиз байыган. Бишкек мэриясынын жерине үй курду делген компания аныкталды
Соттун материалдарында Ирсалиев Соцфонддун аппаратынын А.Б. аттуу жетекчиси менен биргеликте бардык аймактык башкармалыктардан саясий партияга (аталышы айтылган эмес) колдоо көрсөтүү үчүн каражат топтогону айтылат. Анын мындай аракети коомчулук менен мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетиргени белгиленди.
2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоонун алкагында жүргүзүлгөн үгүт кампаниясы учурунда Соцфонддун А.Б. аттуу аппарат жетекчиси Ирсалиевдин тапшырмасы менен фонддун облустар боюнча координаторлорунун WhatsApp-группасына аудио жөнөткөн. Соттон билдиришкендей, бардык аймактык башкармалыктардан 40 килограмм күрүч, картошка жана төө буурчак чогултуу тапшырылган, бул жашыруун сөз 40 миң сом дегенди туюнткан.
Соттун токтомуна караганда, координаторлор акча топтоп берүүгө аргасыз болушкан. Себеби мындай кылмыштуу ишке барбаса аларга карата чара көрүлөрүн түшүнүп турушкан. Натыйжада 2020-жылдын сентябрынан октябрга чейинки аралыгында 660 миң сом топтолуп, анын 100 миңи саясий партияга колдоо иретинде берилген. Кийин маалым болгондой, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин өз каалоолору менен калган 560 миң сомду УКМКнын атайын эсебине которушкан.
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Сот Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды. Видео
Токтомдогу маалыматка караганда, акча Соцфонддун жетекчилигине ар кандай жолдор менен берилген (колуна, банк, таксисттер аркылуу).
Кийин Ирсалиев тергөө менен кызматташууга макул болгон. Ал сотто күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кылмыш иши боюнча кызматташа турганын айтып, башка катышуучулардын бетин ачууга жардам берерин билдирген. Ирсалиев соттон ага айып салууну суранган.
Мамлекеттик айыптоочу мурдагы аткаминер тергөө менен активдүү иштешкенин тастыктап, кызматташуу боюнча келишимдин негизинде ага төртүнчү категориядагы айып салууну (260 миң сом) суранган. Жыйынтыгында сот аталган суммада айып салуу чечимин чыгарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0