Ооруканада жана үйдө COVID менен алышып жаткандар. Аймактар боюнча көрсөткүч

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМедициналык кызматкер ооруканада COVID-19 менен ооруган бейтаптар менен. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада COVID-19 менен ооруган бейтаптар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Кыргызстандын аймагындагы ооруканаларда жаткандардын ичинен 881 бейтап оор, 132 адам өтө оор абалда экени айтылды.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстанда учурда расмий маалыматтар боюнча 9 000ге чукул (8919) адам COVID-19 менен ооруп жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
"Бүгүнкү күндө станционарда — 2 811, ал эми амбулатордук дарыланууда 6 108 бейтап бар", — деп кабарланган билдирүүдө.
Ооруканаларда дарыланып жаткандарды аймактарга бөлө келгенде төмөнкүдөй:
  • Бишкек шаары – 1 227;
  • Ош шаары – 214;
  • Чүй облусу – 482;
  • Ош облусу – 314;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 57;
  • Ысык-Көл облусу – 158;
  • Жалал-Абад облусу – 208;
  • Баткен облусунда 125 бейтап жатат.
Ооруканадагылардын ичинен 881 бейтап оор, 132 адам өтө оор абалда экени айтылды.
Ал эми үй шартында (амбулатордук) дарыланып жаткандардын көрсөткүчү төмөнкүдөй:
  • Бишкек шаары – 2 349;
  • Ош шаары – 1 084;
  • Чүй облусу – 749;
  • Ош облусу – 752;
  • Талас облусу – 92;
  • Нарын облусу – 45;
  • Ысык-Көл облусу – 139;
  • Жалал-Абад облусу – 609;
  • Баткен облусунда 289 бейтап оору менен алышууда.
Соңку суткада Кыргызстанда 892 адамдан коронавирус табылса, COVID менен алышып жатып жети бейтап акка моюн сунду.
Жаңылыктар түрмөгү
0