Шашылыш билдирүү! Эртең-бүрсүгүнү айрым аймактарда сел жүрөт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
ӨКМ 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаай турганын айтты.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Ага ылайык, 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.
Ушул жума ичиндеги аба ырайы тууралуу синоптиктер кенен маалымат берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0