Бишкек, Ош жана Токмоктогу шайлоо кайра жылабы. Расмий органдардын жообу

© Sputnik / Жоомарт УраимовДобуш берип жаткан жаран. Архив
Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Өлкөдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал күчөп кетсе Бишкек, Ош жана Токмокто шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо жылдырылышы мүмкүнбү? Бул суроого тиешелүү органдар жооп берди.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эпидемиологиялык абалдын курчуп бара жатканына байланыштуу аталган шаарларда депутаттарды кайра шайлоолордо санитардык нормалардын сакталышы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына сунуш киргизгенин билдирди.
Ал эми Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева шайлоону жылдыруу маселеси шаар жетекчилигинин компетенциясына кирбей турганын айтты.
"Шайлоолорду өткөрүү боюнча шаардык штаб бар. Ал жакта өткөн жумадагы жыйын учурунда шайлоо боюнча маселе каралган жок. Бул аптанын эсебинен жыйын боло элек", — деди Мозгачева.
БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия шайлоону жылдыруу укугуна ээ эмес.
Аял шайлоо участогунда добуш берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Ош жана Токмок шаардык кеңешинин шайлоосуна кайсы партиялар катышат? Тизме
"Кайсы бир кырдаалга байланыштуу шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча сунушту мамлекеттик тиешелүү органдар берет. Мисалы, азыр коронавирус күч алып турган учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги же Коронавируска каршы республикалык штаб сунуш кыла алат. БШК шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен гана алектенет", — деди Бекматов.
Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов шайлоону жылдыруу боюнча сөз болбогонун, даярдык иштери санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлүп жатканын билдирди.
"Добуш берүүнү өткөрүү боюнча атайын алгоритм бар. Саясий партиялар андан кабардар. Үгүт иштерин коопсуз өткөрүү үчүн аракеттер көрүлүп жатат", — деди Маматов.
Эске салсак, буга чейин БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ага массалык мыйзам бузуулар себеп болгон. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0