Ош жана Токмок шаардык кеңешинин шайлоосуна кайсы партиялар катышат? Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял шайлоо участогунда добуш берип жатат. Архив
Аял шайлоо участогунда добуш берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Кечээ, 13-июнда, түнкү саат 00:00дө шаардык кеңешке кайра шайлоого саясий партияларды каттоо мөөнөтү аяктады.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына тогуз, Токмокто алты партия талапкерлерин көрсөттү.
13-июнь күнү саат 00:00дө шаардык кеңешке кайра шайлоого саясий партияларды каттоо мөөнөтү аяктады.
Ош шаардык кеңешине аттанган партиялар:
  • "Ынтымак";
  • "Улуу Журт";
  • "Бир бол";
  • "Биздин Кыргызстан";
  • "Бүтүн Кыргызстан";
  • "Ата-Журт Кыргызстан";
  • "Улуттар биримдиги";
  • "Келечек-Будущее";
  • "Нур".
Токмок шаардык кеңешине аттанган партиялар:
  • "Эл биримдиги";
  • "Бирге-Вместе";
  • "Эмгек";
  • "Патриот ынтымагы";
  • "Асыл Мурас жаштары";
  • "Ата-Журт Кыргызстан";
Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн 17 партия арыз берген.
Эске салсак, буга чейин БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон.
Кайра шайлоо 11-июлга белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0