Сестенткен илбирс, сүлөөсүн, суур. Чоң-Кеминде фотокапканга түшкөн жаныбарлар

Жазылуу
Сейрек кездешкен жапайы жаныбарлардын сүрөтү Чүй облусунун Чоң-Кемин өрөөнүндө бир нече айда тартылып алынган. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын айрымдарын сунуштайт.

Өткөн жылдын октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасы, "Илбирс" коомдук фонду, Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan уюму ак илбирстерди изилдөө багытында фотокапкандарды орноткон. Кайра 2021-жылдын май айында чечилген аппараттарга улар, сүлөөсүн, илбирс, тоо эчки, суур, түлкү түшүп калган.

Таиланддын Кхао Яй улуттук паркында жапайы пил жолдогу унааны токтотуп калды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Унааңызды пил токтотту беле? Трассадагы кызыктуу "жолугушуулардан" 15 сүрөт
Жаратылышты коргоого багытталган иш-чарага Экология жана климат мамлекеттик комитети, Global Snow Leopard & Ecosystem Protection Program эл аралык уюму да катышкан. Адистер ал сүрөттөрдүн негизинде ак илбирстин болжолдуу санын, байырлаган аймагын, азыгын жана климаттын жандыктарга тийгизген таасирин аныктай алышат. Андан сырткары, ал маалыматтар менен мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүгө да болот.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбар менен өсүмдүктөрдүн 209 түрү бар.

© Фото / Ilbirs Foundation/UNEPАк кар баскан бийик тоону байырлаган тоо теке
Ак кар баскан бийик тоону байырлаган тоо теке - Sputnik Кыргызстан
1/12
Ак кар баскан бийик тоону байырлаган тоо теке
© Фото / Ilbirs Foundation/ UNEPАдистер фотокапкандын жардамы менен жаныбарлар тууралуу маалыматтарды чогултат
Адистер фотокапкандын жардамы менен жаныбарлар тууралуу маалыматтарды чогултат - Sputnik Кыргызстан
2/12
Адистер фотокапкандын жардамы менен жаныбарлар тууралуу маалыматтарды чогултат
© Фото / Ilbirs Foundation/ UNEPКүн жылып, жерге көк чыгып, кокту аралаган суур
Күн жылып, жерге көк чыгып, кокту аралаган суур - Sputnik Кыргызстан
3/12
Күн жылып, жерге көк чыгып, кокту аралаган суур
© Фото / Ilbirs Foundation/ UNEPЖоголуп бара жатат деген сүлөөсүн
Жоголуп бара жатат деген сүлөөсүн - Sputnik Кыргызстан
4/12
Жоголуп бара жатат деген сүлөөсүн
© Фото / Ilbirs Foundation/ UNEPЭэрчишип оттогон уларлар
Ээрчишип оттогон уларлар - Sputnik Кыргызстан
5/12
Ээрчишип оттогон уларлар
© Фото / Ilbirs Foundation/ UNEPЖазда туулган улак кар алдынан чөп издеп жүргөн учуру
Жазда туулган улак кар алдынан чөп издеп жүргөн учуру - Sputnik Кыргызстан
6/12
Жазда туулган улак кар алдынан чөп издеп жүргөн учуру
© Фото / Ilbirs Foundation/ UNEPТүнкүсүн дагы жаны тынбаган түлкүнүн фотокапканга түшүп калган сүрөтү
Түнкүсүн дагы жаны тынбаган түлкүнүн фотокапканга түшүп калган сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
7/12
Түнкүсүн дагы жаны тынбаган түлкүнүн фотокапканга түшүп калган сүрөтү
© Фото / Ilbirs Foundation/ UNEPТоо эчки жана жарда ойногон улактары
Тоо эчки жана жарда ойногон улактары - Sputnik Кыргызстан
8/12
Тоо эчки жана жарда ойногон улактары
© Фото / Ilbirs Foundation/ UNEPУясынан элеңдеп чыккан арс чычкан
Уясынан элеңдеп чыккан арс чычкан - Sputnik Кыргызстан
9/12
Уясынан элеңдеп чыккан арс чычкан
© Фото / Ilbirs Foundation/ UNEPАк кар, көк музда, бийик тоодо жашаган текечер
Ак кар, көк музда, бийик тоодо жашаган текечер - Sputnik Кыргызстан
10/12
Ак кар, көк музда, бийик тоодо жашаган текечер
© Фото / Ilbirs Foundation/ UNEPАркар-кулжа, тоо эчки жана тоо текелер ак илбирстин негизги азыгы болуп саналат
Аркар-кулжа, тоо эчки жана тоо текелер ак илбирстин негизги азыгы болуп саналат - Sputnik Кыргызстан
11/12
Аркар-кулжа, тоо эчки жана тоо текелер ак илбирстин негизги азыгы болуп саналат
© Фото / Ilbirs Foundation/ UNEPДолбоор ак илбирстерди илимий жактан изилдөөгө багытталган
Долбоор ак илбирстерди илимий жактан изилдөөгө багытталган - Sputnik Кыргызстан
12/12
Долбоор ак илбирстерди илимий жактан изилдөөгө багытталган
Жаңылыктар түрмөгү
0