Уйку безинин рагын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Адистин кеңеши

© AFP / FRANCOIS GUILLOTТамактанып жаткан аял. Архив
Тамактанып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Онкологдун айтымында, уйку безинин рагы эмчек же жоон ичеги рагына салыштырмалуу оңой менен дарыланбайт. Мындан улам дартты алдын алуу гана керек.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Мюнхендеги Рехтс-дер-Изар клиникасынын алдындагы онкологиялык борбордун жетекчиси Ана Алгюль уйку безин ар кандай оору, анын ичинде залалдуу шишиктен сактоонун натыйжалуу жолдорун айтты. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Онкологдун айтымында, уйку безинин рагы эмчек же жоон ичеги рагына салыштырмалуу оңой менен дарыланбайт. Адис илдеттен өлүм учурлары көп каттала турганын белгилеген.
"Уйку безинин рагына кабылткан адаттардын башында кыймылдын аздыгы, ашыкча салмак, ичимдик жана чылым чегүү кирет", — деди Алгюль.
Аталган факторлорду жоюу үчүн онколог алты эрежени атап өткөн.
Улуттук онкология жана дерматология борборунун онкодерматологу Алмаз Якубов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Кал, меңди алдырарда онколог менен кеңешүү керек. Онкодерматологдун маеги
"Биринчиден, тамактануу рационуна клетчаткага бай азыктарды кошуп, углевод менен майды азайтуу зарыл. Ашыкча салмактан арылуу үчүн дайыма адам кыймылда болгону жакшы. Алсак, күн сайын анча оор эмес дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо сөзсүз керек. Ичимдикти азайтып, чылым чегүүдөн да баш тартуу негизги факторлордун катарына кирет", — деди онколог.
Адис уйку безин дайыма УЗИ аппаратына тарттырып, дарыгерге көрүнүп турууну да эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0