Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо-2021: маанилүү маалыматтар
Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо-2021: маанилүү маалыматтар
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 11-июлда өтөт. Өткөн добуш берүү апрелде болуп, массалык мыйзам бузуулардан улам жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ошондой эле себептерден улам добуш берүү Ош жана Токмок шаарларында кайра өтөт.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы тууралуу электрондук урнанын санагы түшкөндөн кийин добуштарды кол менен эсептөө процесси башталат. Анын негизинде Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы бекитилет. Кол менен саноо процесси регламентте катуу тартипте каралган жана көп убакытты талап кылат. Бул инфографикадагы алдын ала маалыматтар, акыркы жыйынтыкты БШК кийинчерээк жарыялайт.
Sputnik добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгынын негизинде карта жасады. Мындан бишкектиктер ар бир шайлоо участкасында кандай добуш бергенин көрө аласыздар. Карта интерактивдүү болуп жасалган. Сизди кызыктырган участканы бассаңыз, кайсы партия ал жерден канча добуш алганын билүү мүмкүнчүлүгү бар.
Шайлоо участкалары жабылгандан кийин автоматтык эсептөөчү урнада саналган добуштар менен БШК алдын ала жыйынтыкты көрсөтө баштайт. Бул маалымат акыркы чекит болуп эсептелбейт. Расмий жыйынтык жарыялангандан кийин гана 7 пайыздык босогодон өтө алган партияларларга Бишкек шаардык кеңештин 45 мандаты бөлүнөт.
Шайлоо участкалары саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Бишкек шаардык кеңешин кайра шайлоого укугуна 426 миңден ашуун жаран ээ болгон. Шайлоого катышкандар тууралуу маалыматты БШК берип турат. График добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу жаңы маалымат түшкөн сайын өзгөрө берет.
11-июлда Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо мерчемделди.11-апрелдеги саясий өнөктүктүн жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан, баш калаанын тургундарына эми экинчи ирет добуш берүүгө туура келет. Жыйынтыгы жарабай калган шайлоодо Бишкек ШК (шаардык кеңешине) баруу ниетинде алты партия арыз берген: "Эмгек", "Ак Бата", "Кыргызстан элдик демократиялык партиясы", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" жана "Биздин эл". Бирок "Кыргызстан элдик демократиялык партиясы" добуш берүүчүлөрдү сатып алды деген кине менен жарыштан четтетилген. Андан кийин бир топ арыздардан соң "Эмгекти", бир нече убакыт өтпөй "Ак-Батаны" (шайлоочулардын арызынын негизинде) алып салды.

Ошентип алдыда келе жаткан үч партия жарыштан чыгып калды. Жалпысы 60 миң добуш, же 45 пайызы жокко чыгарылды. Мыйзам боюнча берилген добуштардын үчтөн бири жараксыз деп табылса, анда шайлоо жыйынтыгы таанылбайт. Май айында президент Садыр Жапаров кайрадан шайлоо өткөрүү боюнча жарлык чыгарган.
Бишкек шаардык кеңеш шайлоосуна катышчу партиялар
Бишкек шаарынын депутатынын креслосу үчүн 18 партия ат салыша турган болду.

1. "Ата-Журт Кыргызстан"

2. "Биздин Кыргызстан"

3. Мигранттардын, куруучулардын жана агрардык реформа боюнча "Жаңы-Мезгил"

4. "Эмгек"

5. "Замандаш"

6. "Күч бирдикте" саясий-социалдык партиясы

7. Кыргызстандагы жашылдар партиясы

8. "Ишеним"

9. "Айкөл Кыргызстан"

10. "Туран" демократиялык партиясы

11. "Социал-демократтар"

12. "Реформа"

13. "Келечек — Будущее"

14. "Столица" демократиялык партиясы

15. "Өнүгүү — Прогресс"

16. "Улуу-Журт"

17. "Ынтымак"

18. "Биздин Эл"

Ушул эле күнү саясий өнөктүк Ош менен Токмок калааларында өтөт. Бул аймакта апрелдеги добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылган. Жалпысынан алганда, жергиликтүү кеңештин шайлоосу Кыргызстандын үч калаасында өтүп, ага 48,3 миллион сом сарпталмакчы.
Шайлоонун календары
20-июнга чейин tizme.gov.kg мамлекеттик порталына шайоочулардын алдын ала тизмеси чыгат. Эгерде добуш бере турган жаран ал жерден өзү жөнүндө маалыматтын туура эмес кирип калгандыгын көрсө же өзүн тизмеден таппаса, участкалык шайлоо комиссиясына арыз (№ 1 форма) менен 2-июлга чейин кайрылуусу шарт. Добуш берүүчүлөрдүн толукталган тизмеси 9-июлга чейин аталган сайтка илинет.

20-июнга чейин шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катташат. Андан соң шайлоо алдындагы үгүт башталып, 10-июль, саат 8:00гө – жымжырттык күнүнө чейин уланат. Ал эми 25-июлда БШК шаардык кеңештин жыйынтыгын жарыялайт.

Бул улам жаңыланып тура турган материал. Мындан ары добуш берүүнүн жүрүшү, андан кийин Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоосунун алдын ала чыгарылган жыйынтыгы жарыяланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0