Роскомнадзор Twitter, Facebook, Google боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын ачыктады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүТелефондогу Twitter логотиби. Архив
Телефондогу Twitter логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Роскомнадзор АКШда чет элдик агенттерге болгон талап Россияга караганда бир топ кенен жайылган деп билдирди.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Twitter тыюу салынган 500гө чукул постту жаппай, ошол боюнча ээн-эркин таштап койгон. Бул тууралуу Роскомнадзорго шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"2015-жылдан тарта аталган аянтчадан тыюу салынган алты миңге чукул материал өчүрүлгөн. Трафикти жайлатуу боюнча кабыл алынган чаралардан кийин да социалдык тармактан 490го чукул материал алынбай турат. Чыкпашы керек деген материалды өчүрүү талабын аткаруунун орточо мөөнөтү 129дан 8 суткага чейин кыскарган", — деп айтылган Роскомнадзор тараткан маалыматта.
Ведомство мындан сырткары россиялык 11 ЖМК менен маалыматтык ресурстарга салынган цензураны таап чыккан. Алардын арасында Russia Today, Sputnik, РИА Новости, андан тышкары, россиялык колдонуучулардын бир нече аккаунттары менен долбоорлор бар ("Лидеры России", "Спутник V" вакцинасы ж.б.). Булар менен катар эле жеке колдонуучулардын маалыматтарын топтоштуруу да жок кылынган эмес.
YouTube тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Роскомнадзор: YouTube Россия ЖМКларына цензура кылып жатат
"Административдик тартип бузуулар боюнча он протокол түзүлгөн. Бүгүнкү күндө сот бардык протоколдорду карап чыгып, тыюу салынган маалыматты өчүрбөгөнү үчүн айып пул 27,9 миллион рублди түзгөн. Өчүрүш керек деп талап кылган россиялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн айып төрт миллион рублдин тегерегинде чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Регулятордун байкоосу менен катар эле Facebook/Instagram менен Google/YouTube да алынган. Биринчи учурда акыркы алты жылда тыюу салынган 3,7 миң (талапты аткаруунун орточо мөөнөтү 105 сутка), экинчи мөөнөттө 5,2 миң (82 күн) материал табылган. 29 учурдун 26сы цензура экени жана жеке маалыматтарды топтоо жок кылынбаганы аныкталган.
Facebook тармагына каршы 13 протокол түзүлүп, каралган. Айып пулдун жалпы суммасы 47 миллион болгон. Ал эми Google боюнча сегиз протокол түзүлсө, анын ичинен үчөө каралып, компанияга азырынча алты миллион рублдик доо коюлган.
Россиянын мыйзамдары боюнча интернет-платформанын администрациясы шектүү контентке бир сутканын ичине чектөө коюшу керек, антпесе үч миллиондон сегиз миллион рублге чейин айыпка жыгылат. Мындай нерсе экинчи ирет кайталанса, компаниянын айлануудагы жылдык акчасынын ондон бир бөлүгүнөн тарта ондон бешке чейинки бөлүгүнүн көлөмүндөгү айып салынат. Аны менен катар эле трафикти жайлатып же такыр эле токтотуп коюу да каралган.
Кишилер Facebook конференциясын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
"Өздүгүн жашырууга аракет кылган". Facebook кимдин цензурасынан өтөт?
Роскомнадзор жогорудагы айтылган чаралар маалыматтык суверенитет менен ачыктык принцибине негизделгендигин жана "башка өлкөлөрдөгү, анын ичинен АКШдагы көзөмөлгө караганда алда канча толеранттуу" экендигин белгилеген.
"АКШнын чет элдик агенттиктерди каттоо жөнүндөгү мыйзамы (Foreign Agents Registration Act, FARA) 1938-жылы улуттук пропаганданын толкуну учурунда кабыл алынып, бирок ушул күнгө чейин иштеп келе жатат.
Аны маанисинин чачкындыгы айырмалап турат: маселен, "саясий" FARA катары америкалык ведомствонун ишине таасирин тийгизүүчү кандай гана ишмердүүлүк же кызмат болбосун эсептелип калат", — дешти ведомстводон.
Регулятор АКШда чет элдик агенттерге болгон талап Россияга караганда бир топ кенен жайылган деп билдирди. Юстиция министрлигиндеги каттоо жана финансылык отчётторду берүү менен катар эле уюмдар өздөрүнүн материалдарын белгилеп жана ишинин бардык аспектилери боюнча, ал тургай бийлик өкүлдөрү менен байланыштарын сүрөттөгөн маалыматты билдириши шарт.
Ошентсе да буга карабастан аталган мыйзам бузулганда бере турган жазасы катаал, ал — беш жылга чейин эркинен ажыратуу же 10 миң доллар өлчөмүндөгү айып пул, иштөөгө тыюу салуу. Ал эми чет элдик жарандар дароо депортацияланат (Россияда негизинен айып пул салынат).
2016-жылдан бери FARA Russia Today менен Sputnik агенттигинин артынан түшүп алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0