Рахмон Мирзиёевди "Алтын таажы" менен сыйлады. Сүрөт
Рахмон Мирзиёевди "Алтын таажы" менен сыйлады. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
"Алтын таажы" ордени демократиялык өзгөрүүлөргө, экономикалык реформаларга жана илим, маданият жаатындагы өсүп-өнүгүүлөргө зор салым кошкон коомдук жана саясий... 11.06.2021, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзбек лидери Шавкат Мирзиёевди I даражадагы "Зарринтадж" ("Алтын таажы") ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин расмий сайтында кабарланды.Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 10-июнь күнү, Душанбе шаарында өттү. Маалыматка караганда, Мирзиёев бул орденге эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдегени үчүн татыган.Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, "Алтын таажы" ордени демократиялык өзгөрүүлөргө, экономикалык реформаларга жана илим, маданият жаатындагы өсүп-өнүгүүлөргө зор салым кошкон коомдук жана саясий ишмерлерге ыйгарылат.Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбе шаарына 10-июнь күнү эки күндүк иш сапары менен барып, аны аэропорттон Эмомали Рахмон өзү тосуп алган. Өзбек президенти иш сапарынын алкагында өлкөнүн түндүгүнө чейин барып, Согди облусунун соода-экономикалык потенциалын талкуулай турганы айтылган болчу.
"Алтын таажы" ордени демократиялык өзгөрүүлөргө, экономикалык реформаларга жана илим, маданият жаатындагы өсүп-өнүгүүлөргө зор салым кошкон коомдук жана саясий ишмерлерге ыйгарылат.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзбек лидери Шавкат Мирзиёевди I даражадагы "Зарринтадж" ("Алтын таажы") ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин расмий сайтында кабарланды.
Маалыматка караганда, Мирзиёев бул орденге эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдегени үчүн татыган.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 10-июнь күнү, Душанбе шаарында өттү. Маалыматка караганда, Мирзиёев бул орденге эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдегени үчүн татыган.
Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, "Алтын таажы" ордени демократиялык өзгөрүүлөргө, экономикалык реформаларга жана илим, маданият жаатындагы өсүп-өнүгүүлөргө зор салым кошкон коомдук жана саясий ишмерлерге ыйгарылат.
Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбе шаарына 10-июнь күнү эки күндүк иш сапары менен барып, аны аэропорттон Эмомали Рахмон өзү тосуп алган. Өзбек президенти иш сапарынын алкагында өлкөнүн түндүгүнө чейин барып, Согди облусунун соода-экономикалык потенциалын талкуулай турганы айтылган болчу.