00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айзаданын апасы: кызымды өлтүргөн баланы сүрөтүнөн көрүп эле зөөкүргө окшоштургам

© Sputnik / Жоомарт УраимовМать убитой Айзады Канатбековой Назгуль Шакенова
Мать убитой Айзады Канатбековой Назгуль Шакенова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Айзада Канатбекованын апасы сотто милициянын шалаакылыгын айтып, күч органдары кызын жакшылап издебей койгонун айтып ыйлады.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Айзада мага Замирбек Теңизбаев менен интернеттен таанышканын айтып, сүрөтүн көрсөткөндө эле жаккан эмес. Көз карашы карышкырдыкындай, өзү маньяктай эле сезилген. Бул тууралуу уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова соттук отурумда билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 11-июнда, Биринчи май райондук сотунда Айзаданын өлүмү боюнча соттук отурум болду.
Анда ала качууга шектелгендердин аты аталып, алар окуянын чоо-жайын айтып беришти. Андан кийин сөз жабырлануучуларга берилип, Айзаданын апасы Назгүл Шакенова кызы Замирбек Теңизбаев менен кантип тааныш болуп калганын айтты.
"Замирбек менен Айзада интернеттен таанышыптыр. "Зайлан" деген бала жазып жатат деп сүрөтүн да көрсөткөн. Мен анын сүрөтүн көрүп эле жактырган эмесмин. Көз карашы карышкырдыкындай, өзү маньяктай эле көрүндү. Ошондо эле кызыма "бул балаң мага жаккан жок" деп айткам. "Зайлан" деп аты да башкача экен деп ойлогом. Канча жашта десем "тогуз жаш улуу" дегенинен "эмнеге ушунча убакытка чейин үйлөнбөй жүрүптүр, жогот бул балаңды" дегем. Кийин бир аз убакыт өткөн соң кызым "Мама, туура эле айтыптырсыз. Өзүн башкача алып жүрөт экен" деген. Көрсө ал кызымды коркутуп жүрчү экен. Аны кийин билдим", — деди Шакенова.
Ал сотто милициянын шалаакылыгын белгилеп, күч органдары кызын жакшылап издебей койгонун айтып, ыйлады.
"Милицияга кайрылганда дароо эле жашын сурашты. 27 жашта десек анда чоңойгон кызды ала качып кетти, табылат, той жейсиңер" деп коюшту. Кызымдын өлгөнүн да интернеттен көрдүк. Айзада өлбөй турчу кыз болчу", — деди уурдалган кыздын апасы.
Ала качууга катыштыгы бар деп шектелип жаткан Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажикабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов сотко онлайн форматында катышты. Шектүүлөр киргизилген атайын бөлмөнү колдонуу мөөнөтү бүтүп калгандыктан, соттук отурум 15-июнга жылдырылды.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 07:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 07:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Айзада Канатбекованын портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Айзаданы ала качууга шектүүлөрдүн бири окуянын чоо-жайын айтып берди
7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.
Айзаданын жакындарынын адвокаты соттук-медициналык экспертизада ал киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын айтып чыккан. Муну милиция дагы тастыктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0