00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкөдө сугат суутартыштыгын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кибер алдамчылык: улуу муун эмне үчүн көбүрөөк жабыркайт жана кантип сактануу керек?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айзаданы ала качууга шектүүлөрдүн бири окуянын чоо-жайын айтып берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовАйзада Канатбекованын портрети. Архив
Айзада Канатбекованын портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Шектүүнүн айтымында, Айзаданын өлүмүнө себепкер болгон Замирбек Теңизбаев сүйлөшкөн кызым романтиканы каалап жатат деп аны ала качууга жардам берүүсүн өтүнгөн.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Айзада Канатбекованы ала качууга шектелгендердин бири Орузбек Нурумбетов окуянын кандайча болгонун айтып берди.
Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча сот отуруму болуп жатат.
Нурумбетовдун айтымында, ал Айзаданын өлүмүнө себепкер болгон Замирбек Теңизбаев менен жарым жыл мурда таски айдап жүрүп таанышкан.
"5-апрелге караган түнү тааныш балдар менен компьютердик клубда отурганбыз. Эртең менен чыгып, тамак ичип алалы деп "Ош" базарындагы кафелердин бирине барганбыз. Тамактанып жаткан учурда Замирбек Теңизбаев келип, мени сыртка чыгып сүйлөшүүгө чакырды. Чыксам сүйлөшкөн кызыма үйлөнөйүн дегем, ала качууга жардам берип койгула деди. Эмнеге ала качасың деп башында макул болгон эмесмин. Ал сүйлөшкөн кызым романтика менен үйлөнөлү деп жатат деп аябай суранды. Мен ошондо макул болдум", — деди шектүү.
Кийин ал кафеге кайра кирип, ал жакта отурган тааныштарын дагы кыз ала качууга чакырганын айтты.
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Айзаданын өлүмү боюнча отурум: шектүүлөрдүн үчөө мурда соттолуп чыккан
"Алар да башында кыйылып анан макул болушту. Ошентип Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине барып, кызды күттүк. Ал жолдон өтүп келе жатканда Замирбек чыгып, колунан кармап машинага алып келди. Мен көтөрүп автоунаага салдым. Аны менен чогуу арткы орундукка отургам. Жакшынакай эле сүйлөшүп барышкан", — деди Нурумбетов.
Шектүү кийин алар Гагарин көчөсүндөгү 47-абактын жанына токтоп, Теңизбаев аны сыртка алып чыкканын кошумчалады.
"Замирбек "мындан ары өзүбүз эле Ошко кетебиз, Кара-Балтада жеңелерим күтүп жатат" деген. Калган төрт бала артыбыздан мени алып кетүү үчүн келе жаткан. Биз кайра артка кетип, Замирбек Ак-Өргө тарапты көздөй бет алган. Мен мындай болорун билген эмесмин", — деди ал.
Ала качууга шектүүлөрдүн бири Сыймык Молдосариев ал күнү Нарындан келгенин айтып, окуяга кокустан кабылып калганын кошумчалады.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 07:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 07:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Ала качуу салт эмес! Кыз тагдырын талкалаган жорук тууралуу тасма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Ала качуу салт эмес! Кыз тагдырын талкалаган жорук тууралуу тасма
7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.
Айзаданын жакындарынын адвокаты соттук-медициналык экспертизада ал киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын айтып чыккан. Муну милиция дагы тастыктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0