https://sputnik.kg/20210610/kyrgyzstan-5-aj-tyshky-karyz-1052798910.html
Кыргызстан 5 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 13,2 млрд. сом сарптады
Кыргызстан 5 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 13,2 млрд. сом сарптады
Sputnik Кыргызстан
Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик карызды жабууга 37 миллиард 266 миллион сом жумшоо пландалган. Бул рекорддук көрсөткүч. 10.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-10T10:00+0600
2021-06-10T10:00+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
тышкы карыз
каражат
бюджет
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0c/1052474834_0:214:3067:1939_1920x0_80_0_0_3f26b6fe96b4d71a082f8be13de2a0f3.jpg
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. 2021-жылдын январь-май айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө 13 миллиард 178,1 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.Мунун ичинен 8,3 миллиарды сырткы карызды төлөөгө жумшалды. Былтыркы жылдын ушул эле убагында мамлекеттик береседен четинен кутулуу үчүн 14,2 миллиард сом коротулган.Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик карызды жабууга 37 миллиард 266 миллион сом жумшоо пландалганы айтылды. Бул рекорддук көрсөткүч. Анткен менен карыз боюнча эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттердин берген жеңилдиктерине жараша бул сумма кыскарып калышы ыктымал.Белгилей кетсек, соңку жылдары төлөмдөр өсүп келет. Мисалы, 2013-жылы бул максатка 11,4 миллиард гана сом талап кылынып келген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0c/1052474834_185:0:2916:2048_1920x0_80_0_0_ca9f329601991abf968a7b45292a148a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, тышкы карыз, каражат, бюджет
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, тышкы карыз, каражат, бюджет
Кыргызстан 5 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 13,2 млрд. сом сарптады
10:00 10.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик карызды жабууга 37 миллиард 266 миллион сом жумшоо пландалган. Бул рекорддук көрсөткүч.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. 2021-жылдын январь-май айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө 13 миллиард 178,1 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.
Мунун ичинен 8,3 миллиарды сырткы карызды төлөөгө жумшалды. Былтыркы жылдын ушул эле убагында мамлекеттик береседен четинен кутулуу үчүн 14,2 миллиард сом коротулган.
Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик карызды жабууга 37 миллиард 266 миллион сом жумшоо пландалганы айтылды. Бул рекорддук көрсөткүч. Анткен менен карыз боюнча эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттердин берген жеңилдиктерине жараша бул сумма кыскарып калышы ыктымал.
Белгилей кетсек, соңку жылдары төлөмдөр өсүп келет. Мисалы, 2013-жылы бул максатка 11,4 миллиард гана сом талап кылынып келген.