https://sputnik.kg/20210610/bishkek-zhenil-atletika-turnir-otot-1052792888.html
Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгеси үчүн эл аралык турнир өтөт
Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгеси үчүн эл аралык турнир өтөт
Sputnik Кыргызстан
Мелдеш дем алыш күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада болот. Ага түрдүү аралыкка чуркоочу эркектер жана кыз-келиндер катыша алат. 10.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-10T09:01+0600
2021-06-10T09:01+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
бишкек
турнир
жеңил атлетика
https://sputnik.kg/img/103268/24/1032682465_0:0:5569:3132_1920x0_80_0_0_f68a9f2251bb2f653a25f9d7ee8cd05a.jpg
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкекте кыргызстандык спортчу, Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгеси үчүн жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.Мелдеш 12-13-июнь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада болот. Ага түрдүү дистанцияда чуркай турган эркектер жана кыз-келиндер катыша алат.Турнирди Спорт агенттигинин Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы менен Жеңил атлетика федерациясы уюштурууда.Эске сала кетсек, 1980-жылы Татьяна Колпакова Москвада өткөн жайкы Олимпиада оюндарында узатасынан секирүү боюнча алтын медаль утуп алган.Кыргыз ССРинин Аламүдүн районунда туулган спортчу 7,6 метр аралыкка секирип, германиялык Бригитта Вуяктан жана өзүнүн командасындагы өнөктөшү Татьяна Скачкодон озуп өтүп, мыкты жыйынтык көрсөткөн. Колпакованын анда Олимпиадага биринчи ирет катышышы эле.60 жаштагы Колпакова көп жылдан бери Россияда жашайт, бирок туулган жерин эсинен чыгарбай, Кыргызстанга келип турат.
https://sputnik.kg/20210604/balban-kyzdar-polshadagy-turnirge-katyshat-1052718852.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103268/24/1032682465_207:0:5156:3712_1920x0_80_0_0_a2fc5eee9716a8fbac16469fb36153f9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, бишкек, турнир, жеңил атлетика
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, бишкек, турнир, жеңил атлетика
Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгеси үчүн эл аралык турнир өтөт
09:01 10.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мелдеш дем алыш күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада болот. Ага түрдүү аралыкка чуркоочу эркектер жана кыз-келиндер катыша алат.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкекте кыргызстандык спортчу, Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгеси үчүн жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 12-13-июнь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада болот. Ага түрдүү дистанцияда чуркай турган эркектер жана кыз-келиндер катыша алат.
Турнирди Спорт агенттигинин Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы менен Жеңил атлетика федерациясы уюштурууда.
Эске сала кетсек, 1980-жылы Татьяна Колпакова Москвада өткөн жайкы Олимпиада оюндарында узатасынан секирүү боюнча алтын медаль утуп алган.
Кыргыз ССРинин Аламүдүн районунда туулган спортчу 7,6 метр аралыкка секирип, германиялык Бригитта Вуяктан жана өзүнүн командасындагы өнөктөшү Татьяна Скачкодон озуп өтүп, мыкты жыйынтык көрсөткөн. Колпакованын анда Олимпиадага биринчи ирет катышышы эле.
60 жаштагы Колпакова көп жылдан бери Россияда жашайт, бирок туулган жерин эсинен чыгарбай, Кыргызстанга келип турат.