https://sputnik.kg/20210608/rahman-razykov-tuuraluu-fakty-1052773654.html
Сахнада саясатчылардын айласын кетирип... Рахман Разыков тууралуу 8 факты
Сахнада саясатчылардын айласын кетирип... Рахман Разыков тууралуу 8 факты
Sputnik Кыргызстан
Куудул, сатирик Рахман Разыков акыркы сапарга узатылып, сөөгү жерге берилди. Ал 7-июнга караган түнү көз жумган. Маданият ишмери 66 жашта эле. 08.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-08T12:27+0600
2021-06-08T12:27+0600
2022-01-21T12:24+0600
жаңылыктар
кыргызстан
маданият
коом
рахман разыков
куудул
факты
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
таржымал
https://sputnik.kg/img/07e5/06/07/1052750488_0:1:1000:564_1920x0_80_0_0_9b4687ca9fe7d2cd6cbceb50b7e1d4b9.jpg
Sputnik Кыргызстан агенттиги сатира, юмор чөйрөсүнө зор салымын кошкон Рахман Разыковдун өмүр таржымалы, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу фактыларды чогултту. Айрым маалыматтар куудулдун жакын санаалашы жана сахналашы Жамбыл Камчиевден алынды.Туулган жери. Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда, азыркы Савай айылында туулган.Агроном. Разыков кесиби боюнча агроном. Жакындарынын айтымында, ал Айыл чарба институтун аяктаган.Сахнага байланган 45 жыл. Рахман Разыков менен "Аралаш" куудулдар тобун түптөгөн жакын санаалашы Жамбыл Камчиев куудул менен таанышкан күнүн, "Аралаш" тобу кантип түптөлгөнүн айтып берди."Рахман менен Оштон таанышкам. Бир күнү Ош облусундагы өзбек театрына обончулардын отчеттук концертине барып, майкачан, аккордеон менен тамашалуу ыр аткарып жаткан жигитти көрүп калдым. Концерт бүткөндөн кийин экөөбүздү сахна артынан бир эже тааныштырган. Рахман 45 жылдан бери сахнада. Экөөбүз 1987-жылы "Азем" деген кооперативдик топ уюштурганбыз. Кийин ал топко Манас Бердибеков да кошулуп, үчөөбүз "Мыскыл жана тамашаны" алып чыкканбыз. Бизди ал учурда Жолдошбек Мамажанов жетектечү. 1988-1989-жылдары Бишкекке келип төрт күн катары менен концерт бергенибиз эсимде. Төртүнчү күнү залга эл батпай, аншлаг болгон. Андан кийин 1990-жылы "Аралаш" театры түзүлдү. Топто Манас, Рахмандан тышкары Дөөлөт Мадумаев да бар эле. Азыр үчөө тең кетти, жалгыз калдым...", — деди Камчиев.Шакиртке бай. Рахман Разыков "Таң жылдызы", "Бешилик", "Беш кемпир", "Беш тапан" куудулдар тобун түзүп, аларды чоң сахнага алып чыккан. Аталган куудулдар тобу менен таанымал болгондордун арасында Тынар Курбаналиев, Талант Анарбаев, Эрнис Бөрүбаевдер бар.Жазуучу. Рахман Разыков КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Мындан сырткары, ал КР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Ыр чыгарып, китеп жазчу. Жакындарынын айтымында, акыркы учурда "Аралаш" тобунун тарыхы тууралуу китеп жазып жаткан. Саясатка аттанып. Рахман Разыков бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого барган. Ал саясий көз карашын да активдүү билдирип турган. Концерттеринде сөзсүз саясий темаларды аралаштырып, аткаминер, саясатчыларды какшыктап турчу. Ал тургай айрым концерттерине бийлик тарабынан бут тосуулар болуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет суракка чакырганын уюштуруучулар айтып чыгышкан.Үй-бүлөсү. Рахман Разыков үч уул, үч кыздын атасы. Балдарынын бири Каныбек Разыков атасынын жолун жолдоп куудул, тамада болгон. Бир кызынын да ырчы экени айтылды.Коронавирустун курмандыгы. Жакын санаалаштарынын айтымында, Рахман Разыков коронавирус илдетин жуктуруп алып 10 күндөн бери ооруканада дарыланып жаткан. Бирок куудул ооруну жеңе алган эмес. Бул илдетти аялы да жуктуруп, ооруканада экени маалым болду. Рахман Разыков кант дибети менен да жабыркап жүргөнү айтылды.
https://sputnik.kg/20210429/zajyrbek-azhymatov-ehsketuu-surot-1052303425.html
https://sputnik.kg/20210117/imanalievdin-kundolugu-asyl-ojlor-1051132407.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/07/1052750488_113:0:905:594_1920x0_80_0_0_ee9fec46c32a513cb186eb8208f7c542.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, маданият, коом, рахман разыков, куудул, факты, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар, таржымал
жаңылыктар, кыргызстан, маданият, коом, рахман разыков, куудул, факты, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар, таржымал
Сахнада саясатчылардын айласын кетирип... Рахман Разыков тууралуу 8 факты
12:27 08.06.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022) Куудул, сатирик Рахман Разыков акыркы сапарга узатылып, сөөгү жерге берилди. Ал 7-июнга караган түнү көз жумган. Маданият ишмери 66 жашта эле.
Sputnik Кыргызстан агенттиги сатира, юмор чөйрөсүнө зор салымын кошкон Рахман Разыковдун өмүр таржымалы, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу фактыларды чогултту. Айрым маалыматтар куудулдун жакын санаалашы жана сахналашы Жамбыл Камчиевден алынды.
Туулган жери. Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда, азыркы Савай айылында туулган.
Агроном. Разыков кесиби боюнча агроном. Жакындарынын айтымында, ал Айыл чарба институтун аяктаган.
Сахнага байланган 45 жыл. Рахман Разыков менен "Аралаш" куудулдар тобун түптөгөн жакын санаалашы Жамбыл Камчиев куудул менен таанышкан күнүн, "Аралаш" тобу кантип түптөлгөнүн айтып берди.
"Рахман менен Оштон таанышкам. Бир күнү Ош облусундагы өзбек театрына обончулардын отчеттук концертине барып, майкачан, аккордеон менен тамашалуу ыр аткарып жаткан жигитти көрүп калдым. Концерт бүткөндөн кийин экөөбүздү сахна артынан бир эже тааныштырган. Рахман 45 жылдан бери сахнада. Экөөбүз 1987-жылы "Азем" деген кооперативдик топ уюштурганбыз. Кийин ал топко Манас Бердибеков да кошулуп, үчөөбүз "Мыскыл жана тамашаны" алып чыкканбыз. Бизди ал учурда Жолдошбек Мамажанов жетектечү. 1988-1989-жылдары Бишкекке келип төрт күн катары менен концерт бергенибиз эсимде. Төртүнчү күнү залга эл батпай, аншлаг болгон. Андан кийин 1990-жылы "Аралаш" театры түзүлдү. Топто Манас, Рахмандан тышкары Дөөлөт Мадумаев да бар эле. Азыр үчөө тең кетти, жалгыз калдым...", — деди Камчиев.
Шакиртке бай. Рахман Разыков "Таң жылдызы", "Бешилик", "Беш кемпир", "Беш тапан" куудулдар тобун түзүп, аларды чоң сахнага алып чыккан. Аталган куудулдар тобу менен таанымал болгондордун арасында Тынар Курбаналиев, Талант Анарбаев, Эрнис Бөрүбаевдер бар.
Жазуучу. Рахман Разыков КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Мындан сырткары, ал КР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Ыр чыгарып, китеп жазчу. Жакындарынын айтымында, акыркы учурда "Аралаш" тобунун тарыхы тууралуу китеп жазып жаткан.
Саясатка аттанып. Рахман Разыков бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого барган. Ал саясий көз карашын да активдүү билдирип турган. Концерттеринде сөзсүз саясий темаларды аралаштырып, аткаминер, саясатчыларды какшыктап турчу. Ал тургай айрым концерттерине бийлик тарабынан бут тосуулар болуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет суракка чакырганын уюштуруучулар айтып чыгышкан.
Үй-бүлөсү. Рахман Разыков үч уул, үч кыздын атасы. Балдарынын бири Каныбек Разыков атасынын жолун жолдоп куудул, тамада болгон. Бир кызынын да ырчы экени айтылды.
Коронавирустун курмандыгы. Жакын санаалаштарынын айтымында, Рахман Разыков коронавирус илдетин жуктуруп алып 10 күндөн бери ооруканада дарыланып жаткан. Бирок куудул ооруну жеңе алган эмес. Бул илдетти аялы да жуктуруп, ооруканада экени маалым болду. Рахман Разыков кант дибети менен да жабыркап жүргөнү айтылды.