00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:05
44 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
10:03
1 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын чыгарылыш. Жеңиш күнү
11:05
0 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:04
20 мин
К 81 годовщине Победы в Великой Отечественной войне
Трансляция Парада Победы на Красной Площади в Москве
13:00
0 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Праздничный эфир, посвященный 9 мая
14:04
41 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Будь в курсе
Мама Тоня: почему Петербург чтит память женщины из маленького кыргызского села
20:05
48 мин
Ачык кеп
Улуу Жеңиштин сырлары: тарых музейиндеги экспонаттар эмнени баяндайт
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Орхан Инандыны табууну талап кылгандар бүгүн да митингге чыгышты. Видео

© Sputnik / Сталбек Абдижалил уулуОрхан Инандыны тараптарыштар Өкмөт үйүнүн алдында митингте
Орхан Инандыны тараптарыштар Өкмөт үйүнүн алдында митингте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Ички иштер министрлигинин берген маалыматы боюнча, мугалимди табуу үчүн 1000ден ашуун милиционер тартылган.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандыны табуу талабы менен жүздөн ашуун жаран митингге чыкты.
Алар бүгүн Өкмөт үйүнүн алдына келишти. Колдоруна Инандынын сүрөтүн жана "Президент мырза, жарандарыңызды коргоңуз!", "Мугалим табылсын!" деген лозунгдарды кармап жүрүшөт.
Ички иштер министрлигинин бүгүн, 8-июнда, берген маалыматында Орхан Инандыны табуу үчүн 1000ден ашуун милиционер тартылганын билдирди. Издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, автоунаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынууда.
Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Орхан Инандынын жубайы: мага жеткен маалымат боюнча жолдошум элчиликте
Тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөрдөн түзүлгөн топ мүмкүн болгон күбөлөрдү аныктап, сурак иштерин жүргүзүүдө. Бул иш ИИМ башчысы Уланбек Ниязбековдун көзөмөлүндө турат.
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 31-майдын түнүнөн бери дайынсыз. Инандынын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө "Ала-Арча" суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган. Мындан улам президент Садыр Жапаров аны издөө үчүн кошумча күч тартууну тапшырган.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0