Изделип жаткан Орхан Инанды тууралуу эмне белгилүү. 8 факты

© Фото / пресс-служба МОУ "Сапат""Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды
Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
31-майда Бишкек шаарында "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дайынсыз жоголуп, учурда аны тартип коргоо органдары издеп жатат.
Орхан Инандынын билим берүү багыты менен Кыргызстанга келгенине 26 жылга аяк басты. Кыргызстандын жарандыгын алып, илимий иштер менен да алектенген. Sputnik Кыргызстан редакциясы Орхан Инанды тууралуу бир нече факты даярдады.
Дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырды.
Анын кесиптештери Инандынын үй-бүлөсүнүн айткандарына таянып, айдоочусун ал күнү адаттагыдай эле күндүн соңунда бошотконун, үйүнөн кеч курун чыгып кеткендигин, качан гана саат түнкү экиден өтүп, кечиге баштаганда үй-бүлөсү милицияга чала баштаганын маалымдашты.  
Маалымат топтоого бизге "Сапат" билим берүү мекемесинин вице-президенти Раина Асакеева көмөктөштү.
Кайда туулган. 1968-жылы Түркиянын Кахраман Мараш шаарынын Андырын районунда туулган. Анкара шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринен тарых адистигин алып чыккан. Анкара, Трабзон шаарларында мугалим, мектеп жетекчиси болуп иштеген.
Сапат лицейин түзүүчүлөрдүн бири Орхан Инанды. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
"Сапаттын" түзүүчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз болуп, милиция издеп жатат
Кыргызстанга 26 жыл мурда келген. Орхан Инанды Түркиядан 1995-жылы Кыргызстандагы ал кезде "Себат" деп аталган билим берүү мекемесинин жетекчисине тарбия иштери боюнча жардамчы болуп келген. 2001-жылга чейин аталган кызматта иштеген.
20 жылдан бери президент. 2001-жылы тарбия иштери боюнча жетекчилик орундан кийин "Сапаттын" (ал кездеги "Себат" билим берүү мекемеси — ред.) президенттигине дайындалган.
Кыргызстандын жараны. Орхан Инанды 2012-жылдын 4-декабрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алган.
Педагогика илимдеринин кандидаты. Илимий эмгек жазып 2021-жылы педагогика илимдеринин кандидаты, доцент болгон. Ал илимий даражасын Кыргыз билим берүү академиясынан жактаган. Муну менен катар эле бир нече жыл И. Арабаев атындагы университетте сабак берген. Кыргыз тилинде эркин сүйлөйт.
Кызына кыргыз ысымын ыйгарган. Төрт баланын атасы. Орхан Инанды балдарынын ичинен кызына Арууке деп кыргыз ысымын берген. Улуу кызынын кесиби психолог, Бишкекте эмгектенет. Андан кийинки уулу студент. Бир уул, бир кызы мектеп жашында. Жубайынын кесиби педагог. Ал Бишкек шаарындагы "Айчүрөк" кыздар лицейинде сабак берген. Андан сырткары, жаштарды тарбиялоо жана кайрымдуулук иштери менен алектенери айтылды.
Киши темир торду кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Бабанов, Жээнбеков, Суракматов УКМКнын тергөө абагындагы шартты айтышты
Гүлен жана "Сапат". Түркияда 2016-жылы 15-июлда болгон мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин 20 жылдан ашык "Себат" аталышында келе жаткан лицейлердин статусу өзгөртүлүп, "Сапат" аталып, түзүүчүлөр курамына Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги кирген. Анын курамына кирген эл аралык "Ататүрк — Алатоо" университетинин аты "Ала-Тоо" болуп өзгөртүлгөн. Жаңы устав иштелип чыгып, ал Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.
Мындай кескин өзгөрүүгө Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу дин аалымы Фетхуллах Гүлендин жактоочулары Кыргызстанда төңкөрүш иштерди жасашы мүмкүндүгүн айтып, ага таандык деген "Себат" билим берүү мекемесин жабууну талап кылганы себеп болгон. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркия министринин мындай билдирүүсү осол кадам экенин белгилеп, Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондуктан эмненин жаман, эмненин жакшы экенин өзү чече турганын айткан. Учурда "Сапаттын" 16 лицейи бар. Андан сырткары, Бишкек шаарында "Ататүрк — Алатоо" университети, эл аралык Silk Road мектеби, үч орто мектеби иштейт.
Эки жыл мурдагы элчи чатак салган окуя же Орхан Инанды "террорчу" деп аталганда. Орхан Инанды тууралуу кыргызстандык ЖМКлар эки жыл мурда да жазган. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Камил Фырат Бишкекте 2019-жылдын май айында өткөн ооз ачуу учурунда "Сапаттын" президенти Орхан Инанды менен бир дасторконго отурбай турганын айтып чатак чыгарган. Аны "ФЕТО уюмунун мүчөсү" жана "террорчу" деп атап, ифтар уюштургандарга нааразылыгын айтканы видеого түшүп калган. Бул коомчулукта катуу талкууланып, эки тараптуу пикирлерди жараткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0