00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:08
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
1 апреля стартует электронная запись в школы: как избежать проблем прошлого года?
20:11
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кудай көрүп турат. Жапаров видеосун көрсөткөн мас судья өз версиясын айтты

© Фото / пресс-служба Верховного суда КРЧүй облустук соттун төрагасы Дамирбек Оңолбеков. Архив
Чүй облустук соттун төрагасы Дамирбек Оңолбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Судья чуулуу видео былтыр 4-июлда, ишемби күнү, тартылганын айтат. Ал мунун айынан бүгүн өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Мас абалында жумушка келип жүрөт делген Чүй облустук соттун төрагасы Дамирбек Оңолбеков Sputnik Кыргызстандын кабарчысына өз версиясын айтты.
Ал коомчулукка жарыяланган видео былтыр 4-июль күнү тартылганын айтты. Аны менен катар эле бүгүн өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазганын билдирди.
"Былтыр пандемия маалында Чүй облустук сотунда көбү ооруп жаткан. Биз катчылар, аппарат кызматкери болуп иштеп жаттык. Ошол маалда дүрбөлөңгө туш болбойлу деп... Эми түшүнүп жатасызбы, ошондой болуп калды. Аны четке какпай эле коёюн, ар кандай болот, баарыбыз эркекпиз. Анда "кара июль" эле, видео ишемби күнү тартылыптыр. Ошол кезде пандемияга карабай иштеп жатканбыз. Муну (видеону — ред.) ким жеткирди, териштиргим келбейт, кудай өзү көрүп турат. Канча душман, канча досум бар. Баарына жага албайсың", — деди Оңолбеков.
Ал эми жумушка күн сайын ичип келет деген сөздү четке кагып, мындай такыр мүмкүн эместигин белгиледи.
"Башка райондук, облустук соттордун төрагаларынан "ушундай болобу же жокпу" деп сураңыз. Такыр мүмкүн эмес да. Бизди Жогорку соттун төрайымы чакырат, күндө ар кандай маселе жаралат, анан да иш учурунда жок болуп калсаң карап турушат. Бирок бүгүн өз ыктыярым менен жумуштан кетүү боюнча арыз жаздым", — деди Оңолбеков.
Кыргызстандын президенти сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жапаров ЖКдан айрым мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүүнү суранды. Тизме
Ошондой эле ал бул жагдай саясий иштерге байланыштуу эмес экенин айтты.
Ошону менен бирге Оңолбеков төрт жылдан бери дем алышсыз иштеп жатканын, башкаларга окшоп чет өлкөгө эс алууга да чыкпаганын кошумчалады. Жадагалса Ысык-Көлгө да бара электигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынында аталган судья жумушуна мас болуп келген видеону көрсөткөн. Кадрдан ал бутуна тура албаган абалда кабинетине келип эшигин ача албай жатканын көрүүгө болот. Ары-бери темтеңдеп жатып бир саамдан кийин иш бөлмөсүнө кирген. Мамлекет башчы аны күнүгө жумушка ичип келерин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0