Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖалбырактагы жамгыр тамчылары. Архив
Жалбырактагы жамгыр тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
7-июнга караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен чөлкөмдөрүндө +34…+39, Талас жеринде +33…+38, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарын өрөөнүндө +23…+28 градус ысыйт.
Күндүн табы Бишкекте +35…+37, Ош шаарында +37…+39 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0