https://sputnik.kg/20210604/omurbek-bakirov-syn-zhoop-berdi-1052724750.html
"Хуйман" деп күлкүгө калган депутат Бакиров элге жооп берди. Видео
"Хуйман" деп күлкүгө калган депутат Бакиров элге жооп берди. Видео
Sputnik Кыргызстан
Кечээ, 3-июнда, парламенттин жыйынында депутат менен министр лабораториялардын аталышын айта албай жаңылышкан. 04.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-04T12:41+0600
2021-06-04T12:41+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
өмүрбек бакиров
лаборатория
жооп
депутат
https://sputnik.kg/img/07e5/06/04/1052724348_0:89:1348:847_1920x0_80_0_0_60775062947f50de6800dd9db847733f.jpg
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров жеке лабораториянын атын туура эмес айтып алганы үчүн күлүп жаткандарга жооп берди. Ал чет тилинен алынган сөздү айткандан жаңылганга эмес, айтылган кептин төркүнүнө маани берүү керектигин белгилеген.Ошондой эле ал ПЦР-тест алган жеке лабораториялар бир анализ үчүн 1700-2000 сомдон алып элди, мигранттарды кыйнап жатканын белгиледи.Эскерте кетсек, кечээ парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров менен саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кезеги менен жаңылган. Министр жеке лабораториялардын аталышын "Бонецкий" (Бонецкий лабораториясы), "Афраварк" ("Аква Лаб"), "Евролаг" ("Евролаб") десе, депутат "Хуйман" (Human) деп айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/04/1052724348_54:0:1253:899_1920x0_80_0_0_4068c6f9d63a1abe770a91a93b1b3ffa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, өмүрбек бакиров, лаборатория, жооп, депутат
жаңылыктар, коом, кыргызстан, өмүрбек бакиров, лаборатория, жооп, депутат
"Хуйман" деп күлкүгө калган депутат Бакиров элге жооп берди. Видео
12:41 04.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кечээ, 3-июнда, парламенттин жыйынында депутат менен министр лабораториялардын аталышын айта албай жаңылышкан.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты
Өмүрбек Бакиров жеке лабораториянын атын туура эмес айтып алганы үчүн күлүп жаткандарга жооп берди.
Ал чет тилинен алынган сөздү айткандан жаңылганга эмес, айтылган кептин төркүнүнө маани берүү керектигин белгилеген.
"ПЦР-анализ алып жаткан жеке менчик лабораториялардын ишмердүүлүгү, жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүп жатып, чет тилиндеги аталышын айтуу мен үчүн кыйынчылык туудурду. Бул соцтармактарда талкуу жаратып, сын пикир айткан жарандарыбызга жооп бергим келип турат. Эне тилибизде сүйлөшүп жатып адашып кетсек бир жөн, чет тилдеги бир сөздүн тамгасына эмес, сүйлөмдүн маанисине көңүл бурууңуздарды суранам", — деди Бакиров.
Ошондой эле ал ПЦР-тест алган жеке лабораториялар бир анализ үчүн 1700-2000 сомдон алып элди, мигранттарды кыйнап жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров менен саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кезеги
менен жаңылган. Министр жеке лабораториялардын аталышын "Бонецкий" (Бонецкий лабораториясы), "Афраварк" ("Аква Лаб"), "Евролаг" ("Евролаб") десе, депутат "Хуйман" (Human) деп айткан.