"Афраварк", "Хуйман". Министр менен ЖК депутатынын жарыша жаңылган видеосу

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров менен саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кезеги менен тилинен жаңылды.
Депутат министрден өлкөдө канча жеке менчик лаборатория ПЦР-тест алып, анализ жүргүзүп жатканын сураган.
Ал төрт фирмага уруксат берилгенин айтып, санап берди. Бирок аталыштарын минтип бурмалап алды: "Бонецкий" (Бонецкий лабораториясы), "Афраварк" ("Аква Лаб"), "Евролаг" ("Евролаб").
"Буларда бүт санитардык талаптар аткарылып жаткандыктан уруксат бергенбиз. Көбү эле кылабыз деп жатат, бирок шарттары жок", — деди министр.
Андан соң депутат "мисал үчүн "Хуйман" дегени бар "Human" туурабы?" деп тактады.
Министр депутаттын жаңылган сөзүн оңдойм деген тейде өзү да жаңылып, "Гуман" деп атап, башка лабораторияларга ПЦР-тест алууга уруксат берилбегенин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0