Бишкекте жүргүнчүлөр менен троллейбус - Sputnik Кыргызстан

Маршрутка айдоочулары иш таштадыбы? Учурда Бишкекте эмне болуп жатат

Жазылуу
Бүгүн эртең менентен тарта борбор калаада шаар тургундары аялдамаларда маршрутка күтүп турушат. Буга чейин соцтармакта айдоочулардын иш таштай турганы айтылган болчу.
Жүргүнчү ташыган микроавтобустардын айдоочулары шаардык кеңеш менен мэрия жол кире акысын жогорулатпай жатканына нааразы.
Ушу тапта борбор калаада абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:56 02.06.2021
18:52 02.06.2021

Бишкектеги маршруткаларга жол кирени көтөрүү же ошол бойдон калтыруу маселеси сентябрь айында чечилет. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда вице-мэр Русланбек Акылбеков билдирди.

"Экономика жана финансы министрлиги жөнгө салууну анализдөө боюнча долбоорду жактырды. Эми жакын арада токтом долбоору шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна киргизилет", — деди мэриянын өкүлү.
Бирок ал маселе эмне себептен сентябрь айына чейин калтырылып жатканын кенен түшүрдүргөн жок.

 

 

 

14:35 02.06.2021

Маршрутка айдоочулары менен каттамды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшсөк, тарифти көтөрмөйүнчө ишке чыкпайбыз деп жатышат. Бул тууралуу Бишкектин транспорттук блок боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Мен жарым саат-бир саат мурда маршрутка айдоочулары менен жолуктум. Алар өзүбүз чечим кабыл алалы, тарифти көтөрүү боюнча токтом долбоорун бекитип бергиле, болбосо ишке чыкпайбыз деп жатышат. Мен аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баары мыйзамдын негизинде чечилерин айттым. Бирок алар жол кирени кымбаттатуу боюнча токтом долбоорун мыйзамсыз эле бекитип бергиле деп жатышат", — деди Акылбеков.

 

14:35 02.06.2021
Ситуация в Бишкеке из-за забастовок водителей маршрутного такси - Sputnik Кыргызстан, 1920
Мэрия: маршруткадан көз каранды болбош үчүн шаарга 1500дөй автобус керек
11:59 02.06.2021
11:32 02.06.2021

Бүгүн 2-июнда Октябрь райондук акимчилигинде саат 12:00дө Бишкектеги коомдук транспорт — маршруткалар боюнча маалымат жыйын болот. Аны Sputnik Кыргызстандын түз алып берүүсүнөн көрсөңүздөр болот. 

 

11:02 02.06.2021

“Бүгүн каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясын алып башкага берип маселени чечиш керек. Жыл сайын айдоочулар эмес, жүргүнчү ташыган фирманын ээлери беш-алтоо биригип саботаж кылат. Муну ультиматум деп айтат элем. Маселесин мэрия менен чечишип албайбы, элде эмне күнөө. Ушуга биз дагы киришип, чечип койсок жакшы болот эле. Мен билгенден бирөө "700 автобусту бекер алып келели бизге линия бергиле" десе мэрия макул болбой атыптыр. Керек болсо азыр каттамга чыкпай жаткандардын лицензиясын алып ошолорго берип, маселени чечиш керек", — деди Маматалиев.

10:27 02.06.2021
Ситуация в Бишкеке во время забастовок водителей маршруток - Sputnik Кыргызстан
10:10 02.06.2021
10:05 02.06.2021
10:02 02.06.2021

"Мэрия "Жолдон ала кет" акциясын демилгелеп жатат. Анда рулдагылар бош кетип бара жатса, жолдо, аялдамада тургандарды кошо ала кетиши шарт. Шаардыктар мындай учурда биримдигин көрсөтүшү керек", — дешти маалымат кызматынан.

09:58 02.06.2021

Негизги учурлар:

·         Бир нече күн мурда мэрияга жүргүнчү ташыган фирмалардын жетекчилери маршрутка айдоочулар иш ташташы мүмкүн деген маалымат берген;

·          Кайрылуунун себеби  — мэрия эгерде жүргүнчү ташыган фирмалар коомдук транспорт менен камсыздоо милдетин аткарбаса мэрия келишимди жокко чагырууга акысы бар. Андыктан компания жетекчилери иш таштоого кызыкдар эмес;

·         Кечээ кечинде фирмалардын жетекчилери айдоочулар бүгүн толугу менен иштерин айткан;

·          Таңкы саат бештен бери мэриянын транспорттук блогу жүк ташыган фирмалар жана айдоочулар менен иштеп жатат, тагыраагы, сүйлөшүүдө.

        

09:39 02.06.2021

Бишкекте коомдук транспорт боюнча азыр абал кандай? 

09:27 02.06.2021

 Такси кызматтары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып шаардыктар нааразы болуп жатышат.  

 

09:22 02.06.2021
Бишкектин такси боюнча бардык кызматтары  - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкектеги такси кызматы. Баалары, телефондору жана WhatsApp
09:14 02.06.2021

Троллейбустар адаттан көп толтура болууда. Шаардыктар учурда автобус жана троллейбустар менен жүрүүгө туура келип жатат. 

09:13 02.06.2021

Бул "Кок-Жар" конушунун аймагы. Маршруткалар бар, бирок алар токтоп турушат. Айдоочулар азыр баары кымбаттап жаткандыгын, бирок алар мурдагы тариф менен иштеп жаткандыктарын айтышууда. Айдоочулар жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүүнү талап кылышты.  

Ситуация в Бишкеке во время забастовок водителей маршруток - Sputnik Кыргызстан
09:12 02.06.2021
Ситуация в Бишкеке во время забастовок водителей маршруток - Sputnik Кыргызстан
09:11 02.06.2021

Бишкектин жашоочулары үчүн бүгүн күтүүсүз болду. Шаардын көчөлөрүнөн маршруткаларды дээрлик көрүүгө болбойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0