Өмүрбек Бабанов эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Саясатчы 31-майда кармалган. Аны менен кошо ошол эле күнү төрт депутат кармалып, бардыгы камакка алынды.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын тандады.
Соттун чечими менен саясатчы эки айга, 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Эске салсак, мурдагы премьер-министр 31-майда кармалган.
Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кармалып, эки айга камалган. Мындан сырткары, экс-депутаттар Талант Узакбаев менен Исхак Пирматов дагы эки айга тергөө абагына киргизилди.
Бардыгы тең "Кумтөр" иши боюнча коррупцияга шектелүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0