Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда жолдо бараткан унаа. Архив
Жамгыр учурунда жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
26-майга караган түнү республика аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Таласта +28…+33, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарын өрөөнүндө +24…+29 градус ысыйт.
Күндүн табы Бишкекте +33…+35, Ош шаарында +32…+34 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0