Үнөмдөгүлө! Бийлик кышында электр энергия тартыш болорун элге эскертти

© пресс-служба мэрии города БишкекЭлектр зымдарын оңдоо. Архив
Электр зымдарын оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Кысталыш кырдаалга өлкөдө керектөөчүлөрдүн саны өсүп, ошол эле учурда кар аз жаагандыктан Нарын дарыясынан аккан суу азайганы себеп болгон.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.
Компаниянын маалыматы боюнча, электр энергиянын дефицити жогорку чегине жетип, алдыдагы күз-кыш мезгилинде кыйынчылык жаралат. Буга өлкөдө керектөөчүлөрдүн саны өсүп, ошол эле учурда кар аз жаагандыктан Нарын дарыясынан аккан суу азайып, көп жылдан бери сакталып турган нормадан төмөндөп кеткени себеп болгон. 
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жапаров электр энергиясына чектөө кайра алып салынарын айтты
Энергетиктер дефициттин көлөмүн азайтуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен электр энергиясын товар алмаша турган болуп алып жатат. 2022-жылга чейин аталган коңшулардан 1,6 миллиард киловатт-саат алып, 2021, 2022 жана 2023-жылдары жай айларында 550 миллион киловатт-сааттан үч этап менен кайтаруу каралган.
Экинчи чара — Бишкек ЖЭБден кошумча электр энергиясын өндүрүү, ал жактан бир миллиард киловатт-саат чыгарса болот.
Үчүнчү чара — бөлүштүрүү менен алектенген жана дүңүнөн алып саткан энергетикалык компаниялар тарабынан электр энергиясын керектөөнү катуу чектөө.
Бардык бөлүштүрүүчү компаниялар — "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Ош электр" электр энергиясын керектөөнүн белгиленген чекке чейин азайтуу иштерин активдүү жүргүзөт.
"Дүңүнөн алып сатуу менен алектенген "Электросила", "Энерготехсервис", "Глобал энерджи" жана "ЭК групп" сыяктуу компаниялар бир нече ирет коюлган талаптарга карабай белгиленген чекке чейин керектөөнү азайтпай жатат", — деп айтылган  маалыматта. 
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы мындай кырдаал күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат деп эсептейт.
Ошондой эле компания элди зарыл болбосо электроприборлорду күйгүзүүдөн, электр кубатын көп короткон лампаларды колдонуудан баш тартып, жылытуу системасынын башка альтернативасына өтүүгө чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0